Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:03

САЛЫКТЫН КЕСЕПЕТИ, САЯСАТТАГЫ АБАЛ, ДАРЫНЫН ТАРТЫШТЫГЫ, ТҮШТҮКТҮН ТҮЙШҮГҮ


«Аалам», «Агым», «Эркин тоо», «Слово Кыргызстана», «Кыргыз туусу», «Моя столица» гезиттеринин соңку сандарында жарык көргөн макалаларга баяндама.

18-мартта «Аалам» гезитинин кезектеги жаңы саны жарык көрдү. «Кошумча нарк салыгынын кесепетин күт, дыйкан!» деген Кубанычбек Сейдалиевдин макаласында Дүйнөлүк Банктан карызга алынган 22 млрд. сом эми дыйкандардын мойнуна илингени айтылат. «Эми ири чарбалар майдаланып, кирешелерин жашырып, өндүрүш аксайт. Өкмөт жылына 4 млрд. сомду кошумча нарк салыгы катары чогулта албай, дыйкандарды эл өкүлдөрү шорго салды» деп жазат Кубанычбек Сейдалиев.

«Аалам» гезитине Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, экс-премьер-министр Курманбек Бакиевдин кеңири маеги басылды. Анда мурдагы өкмөт башчысы былтыркы 17-марттагы окуяларга күнөөсү жоктугун, чыныгы күнөөкөрлөр алигиче жазасын албай жүргөндүгүн, соттор адилеттүү болбосо, миллиондорду жегендер жазасыз кала беришээрин, эң негизгиси - эмки президенттик шайлоого сөзсүз талапкерлигин коюп, катышаарын айткан.

18-мартта окурмандар «Агым» гезитинин жаңы санын колго алышты. «Ак Үй жымжырт» деген макаласында «…бийлик мунарасындагы жаңы жылдан бери күтүлгөн өзгөрүүлөр болбоду. Өкмөтү да, 7-кабаттагы мамлекеттик чиновниктер дагы, губернаторлор да ордунда. Ажо мырза шахматтык жүрүшүн адатынча атайлап, узакка создуруп, эч кимге тийбей, күзгө чейин эски чаначтын кымызын сактоону чечтиби, азырынча билиш кыйын» деп жазат Аман Акматов.

«Агым» гезитине «Алтынга айланган аспирин» деген рубриканын алдында Эркин Пиримовдун «Тилек Мейманалиев бир жарым миң доллар айлыкты кимдин чөнтөгүнөн алат?» деген сын макаласы жарыяланды. «Саламаттык сактоо тармагын реформалоо үчүн «Манас» улуттук программасынын алкагында Кыргызстанга Дүйнөлүк Банктан 18,5 млн. доллар кредит келген. Бирок бул олчойгон каражат кыргыз медицинасынын бечера абалына кенедей да өзгөртүү киргизген жок. Дары-дармек мурдагыдай эле жетишпейт. Көрсө ал 18, 5 млн. доллар жиберилген дарекке жетпей максатсыз чыгымдалыптыр». Бул жөнүндө Эркин Пиримов далилдүү фактыларды келтирип, талдоого алат.

18-мартта «Агым» гезитинде медицина тармагы сынга алынса, ушул күнкү «Слово Кыргызстана» гезитинде саламаттык сактоо министри Миталип Мамытов медицинаны реформалоо ойдогудай жүрүп жаткандыгын айтып, кыргыз медицинасын кереметке теңеген. Миталип Мамытов Дүйнөлүк Банктын президенти Вульфенсон мырза Кыргызстандагы медицина тармагындагы реформага эң жогору баа бергендигин, ал түгүл тажрыйба алыш үчүн коңшу республикалардан адистер келип жаткандыгын белгилейт.

«Эркин тоо» гезитинин 18-марттагы жаңы санында «Омбудсман бүткөрчү иштер көп» деген макала жарыяланып, мындай саясый маанилүү кадамга демократиялык жол менен өнүгүүгө чындап киришкен өлкө гана бара алаары айтылат. Бул дагы Конституциянын жаңы редакциясынын артыкчылыгы катары бааланат. Акыйкатчынын милдеттери, укуктары жана ага кайрылуунун тартиби жөнүндө Т. Мундузов кеңири сөз кылат. Мына ушундай мазмундагы макалалар 18-мартта «Кыргыз туусу» жана «Слово Кыргызстана» гезиттеринде да жарык көрдү.

«Эркин тоонун» кызматкери Ракымбек Байгубатов «Чуу куйруктардан эл түңүлдү» деген макаласын жарыялап, анда оппозиционерлерди сынга алат. «Курултай өткөрөбүз деп жулунган оппозициячылар элдик форумга келбей койгондугу менен Кыргызстандын жалпы элин өгөйлөп турганын билдирип койду. Алар бийликке каршы турсун, эмне үчүн жалпы элдин делегаттарына, курултайга каршы турду? Алардын түпкү максаты - бийликти тартып алуу» деп жазат Ракымбек Байгубатов.

18-мартта жарык көргөн «Моя столица» гезитинде былтыр 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерүүгө арналган митинг жөнүндө кеңири жазылды. «Моя столица» гезитинин кабарчылары Александр Ким жана Юрий Груздов Алай жергесиндеги баш-аламандыктар, түштүктөгү чек ара аймактарындагы талаш-тартыш маселелер жөнүндө айтышат. «Алай районундагы Сарымоңолдогу 15 миң гектар жерди 57 жыл бою арендага иштетип, мөөнөтү бүткөндөн кийин Кыргызстанга кайтарып бербей жаткан тажиктердин өжөрлүгүнөн дагы чыр чыгышы мүмкүн. Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилбей жатат» деп жазышат журналисттер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG