Обончу жана аткаруучу Майрамбек Осмоновдун акын Надырбек Алымбековдун сөзүнө жазылган «Периштем» аттуу ыры менен калк арасына таанылган эстрада ырчысы Райкан Абдувалиева Ош облусунун Ноокат районундагы Белөрүк айлында төрөлгөн. Анын ата-энеси медицина кызматкерлери болгондуктан, анын балалык чагы көгүлтүр Ысыккөлдүн жээгинде өткөн.
Кичинесинен ыр-күүгө жакын Райкан комузчу Сабыр Карамолдо уулунан комуз черткенди үйрөнөт. Бой жетип Караколдогу музыкалык окуу жайынан окуусун улантып, нота үйрөнүп, комуз, гитара аспаптарын өздөштүрөт. Караколдо уюштурулган «Периште» аваздык-аспаптык ансамблинде солистка болуп ырдап чыгат. 1982-жылы Бишкекте өткөн патриоттук ырлардын кароо-сынагына катышып алгачкы өнөр секисине чыккан Райкан Абдувалиева, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билимин өркүндөтүп, профессионалдык эстрада чөйрөсүнө аралашат.
Бүгүнкү күндө ал «Периште» эстрада-тамаша театрын түзүп, жетектеп келет. Театрда 16 адам чыгармачылык менен эмгектенишет. 15 жаштан 25 жашка чейинки жаш улан-кыздар - ар түрдүү өнөр ээлери. Алар эстрада жанрында жаңылык киргизип, жаңыча көз карашты карманган жаштар.
Андан тышкары Райкан Абдувалиева «Периште» кайрымдуулук фондун уюштуруп, искусство жаатындагы жаш таланттарга, мектепте мыкты окуган окуучуларга материалдык жактан жардам берип, кайрымдуулук концерттерин тартуулап турат. Райкан Абдувалиева Кытай, Индия, Түркия, Орусия мамлекеттериндеги достору менен чыгармачылык тыгыз байланыш түзүп, кыргыз көркөм өнөрүн башка улуттарга жайылтууну максат кылып, учурда ошол долбоордун үстүндө иштөөдө.