Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ САЛЫКТЫ КИРГИЗҮҮ ШААРДАН БАШТАЛАТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыймылсыз мүлккө салык жөнүндө» мыйзамдын долбоору тууралуу парламенттик угуу өткөрдү. Анда мыйзамдын долбоору жөнүндө маалымат беришкен Финансы жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министрликтеринин жетекчилери бул салыкты киргизүү шаардан баштала тургандыгын айтышты. Салыктын өлчөмү мүлктүн наркынын 1,5% түзөт. Мүлкү 500 миң сомго жетпеген үй-бүлөлөр салыктан бошотулат.

«Кыймылсыз мүлккө салык кирет экен» деген сөздүн чыккканына көп эле болуп калды. Бирок буга чейин ал жалпы кирет деп айтылып келген болчу. Мыйзам чыгаруу жыйыны шаршемби күнү өткөргөн парламенттик угууда бул мыйзам азырынча шаарларда гана киргизиле тургандыгы белгилүү болду.

- Бул салык азырынча шаарда гана кирет. Анткени шаарда кыймылсыз мүлктү каттап бүттүк. Айылда болсо азырынча эч нерсе жасала элек. Айылда кыймылсыз мүлктү текшерүү, ченөө жана каттоо иштерин 2003-жылдын экинчи жарымынан баштайбыз. Экинчи чети айылда тамдын баасы жок . Алыскы айылдарда адамдар тамдарын сата албай жүрүшпөйбү. Алар анан кантип салык төлөшөт? – дейт жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Төлөбек Өмүралиев.

Кыймылсыз мүлккө салык үйлөргө, квартираларга, өндүрүш имараттарына салынат. Аны адамдар да, ишканалар да төлөшөт. Салыктын өлчөмү 1 жылга мүлктүн наркынын 1,5% түзүп, жылына 2ге бөлүнүп жыйналат. Парламенттик угууда мүлктүн наркын аныктоо кыйын болоору айтылды. Өнүккөн өлкөлөрдө ал базар бааасынын негизинде аныкталат. Бизде болсо баалоочу компаниялар жаңы гана түзүлүп жатканы маалым. Төлөбек Өмүралиевдин айтымында, эгерде үй жаңы сатып алынган болсо - наркы ошол баа менен аныкталат. Эгерде үй соодага түшпөгөн болсо, анын баасын атайын түзүлгөн органдар бычышат. Үйдүн баасын коюуда анын жаңы же эскилиги, жайгашкан жери жана башка ушу сыяктуу бир топ факторлор эске алынат. Салыктан жакыр адамдарды коргоо максатында салык төлөнбөй турган чек коюлат. Ал чек өкмөт даярдап келген долбоордо 125 миң сом деп жазылган. Депутаттар ага каршы болуп, чекти дагы көтөрүүнү талап кылып жатышат.

- Салык салынбай турган чекти 500 миң сом деп жатабыз. Сиздин үйүңүз андан өйдө болсо салыкты төлөйсүз. Ага жетпесе бул салыктын сизге тиешеси болбойт, - деди финансы министри Болот Абильдаев.

Өкмөт мүчөлөрү чекти 500 миң сомго чейин көтөрүү салык төлөөчүлөрдүн санын кескин азайтаарын айтышууда. Бирок парламенттик угууда алар буга каршы деле болушкан жок. Ошондой болсо да Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамды карап киргенде, алар бул маселени кайра көтөрө турган сыяктуу.

Өкмөт бул салыкты 1-апрелден тартып ишке киргизип, быйыл бюджетке андан 65 млн. сом түшүрүүнү көздөйт. Бирок Мыйзам чыгаруу жыйыны мыйзамды өкмөт белгилеген мөөнөттө кабыл алып бүтөөрү күмөн.

Талкууга катышкан бейөкмөт уюмдардын ичинде бул салыктын шаарга гана киргизилишин теңсиздик, шаардыктарды дискриминациялоо деп баалагандар болду. Депутаттардын ичинен Алишер Сабиров менен Алевтина Проненко да бул салыкка каршы экенин айтышты.

- Мындай кыймылсыз мүлккө салык эчак эле, Советтер Союзу кезинен бери эле бар. Мисалы үй сатып алган киши үйдүн наркынан 7% мамлекеттик алым төлөйт. Ал акча бюджетке түшөт, - деди Алишер Сабиров. Анын айтымында пайдаланбай турган объектилерге да салык эчак эле киргизилиптир. Андан болгону 500 миң сом салык түшкөнү айтылды. Алишер Сабиров «эгерде кыймылсыз мүлккө салык киргизиле турган болсо, аталган төлөмдөр жоюлушу зарыл» деди.

XS
SM
MD
LG