Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

Эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы бүгүн Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде чыгып сүйлөйт

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери 19-март күнү кечинде Нью-Йорк шаарында чогулуп, эл аралык инспекторлордун башчысы Ханс Бликстин Ирак боюнча билдирүүсүн угат. Ал билдирүүдө Бликс - куралсызданганын далилдеш үчүн, Ирак эмне жасаш керек экендигин айтат. Коопсуздук Кеңешинин жыйыны - АКШ Иракка ультиматум коюп, ага каршы согуш даярдап жатканына карабай өтүүдө, бирок АКШ, Улуу Британия жана кээ бир башка өлкөлөрдүн министрлери жыйынга келбей тургандыгы жөнүндө билдирди.
XS
SM
MD
LG