Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:22

Бириккен Улуттар уюму Өзбекстанда айыпкерлердин абалына тынчсыздануу билдирди


Уюмдун Адам укуктары комиссиясынын жетекчиси өзбек түрмөлөрүндө айыпкерлерди кыйноо "кеңири таркаган" көрүнүш экендигин сынга алды.
"Мындай көрүнүштөр системдүү мүнөзгө ээ экендиги көп сандаган күбө түшүүлөрдүн негизинде белгилүү болду" деп айтылат Тео Ван Бовендин жаңы жарык көргөн билдирүүсүндө. Өткөн жылдын этегинде Өзбекстанда болуп келген Бовен ошондой эле "айыпкерлерди кыйноого түрмө башчылары көз жуумп гана тим болбостон, айрым учурда буга колдоо көрсөтөөрүндө күмөн жок" деп жазды.
Өзбек президентинин тышкы иштер боюнча атайын кеңешчиси Абдулазиз Камилов адам укуктарын бузуу "кадыресе көрүнүш" дегенге макул эмес. Ал айыпкерлерге зөөкүрдүк көрсөткөн төрт милиция кызматкери былтыр сот жообуна тартылганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG