АКШнын мамлекеттик катчылыгы 20-мартта атайын жарыя жасап, чет өлкөлөрдөгү америкалык жарандарды сак болууга чакырды, анткени согуш менен байланыштуу аларга каршы Ирак же башка уюмдар тарабынан террордук аракеттер көрүлүшү мүмкүн. Израил, Ооганстан жана Пакистандын өкмөттөрү дагы жогорку деңгээлдеги коопсуздук чараларын көрүүдө.