Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

НООРУЗ МАЙРАМЫНДАГЫ МЕЛДЕШТЕР


Кыргызстанда Нооруз майрамынын урматына спорттук мелдештерди өткөрүү салтка айланып баратат. Бул күнү Бишкекте баскетбол, футбол, эркин күрөш боюнча беттешүүлөр өттү. Бишкек шаарындагы «Аккула» ат майданында чабандестер өнөрүн көрсөтүштү.

Нооруз майрамынын урматына өткөрүлгөн спорттук мелдештердин демилгечиси Кыргыз спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети болду. Кыргызстандагы спорт мектептеринде бул күнү спорттук беттешүүлөрдү өткөрүү салты жайылып баратат.

Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда ар жыл сайын баскетбол боюнча эл аралык «Нооруз» турнири өткөрүлүп келүүдө. Бул мелдешке башында Америка Кошмо Штаттары студенттеринин баскетбол командасы да келип турган.Быйылкы «Нооруз» мелдешине Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 6 команда мөрөй талашууда. Жеңүүчүлөр 23-мартта аныкталат.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты бүгүн Бишкектеги Олимпиадалык резерв окуу жайында башталды. Мында Кыргызстандын бардык аймагынан тандалган 150 балбан күч сынашып жатат. Алардын катарында жаштар арасында дүйнө чемпиону, 14- Азия оюндарынын коло байге ээси Надырбек уулу Улан, олимпиадалык оюндардын катышуучулары Нурдин Дөңбаев, Алмаз Аскаров, Талант Жекшенов баштаган мыкты балбандар да мөрөй талашууда. Бул чемпионатта жеңип чыккандардан өлкөнүн курама командасы түзүлүп, Азия, дүйнө чемпионаттарында Кыргызстандын намысын коргойт. Күзүндө Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында өтчү дүйнө чемпионатында Афины олимпиадасына катышууга жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан жигиттер бул чемпионатта бар күчүн үрөп, баш байгеге аракет кылышууда. Жеңүүчүлөр 22-мартта аныкталат.

Бишкектеги Кожомкул спорт ордосунда «Нооруз» майрамына карата кичи футбол боюнча да мелдеш курч мүнөздө өтүп жатат. Кант шаарында футболдон «Алатоо Кубогуна» арналган беттешүүлөр да Нооруз күнү башталды. Спорттук иш-чаралар жөнүндө Бишкек шаардык спорт комитетиини төрага орунбасары Бообек Кадыркулов мындай деди:

- Негизги иш чаралар Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында өткөрүлдү. Өз өнөрлөрүн гимнасттар, бокс жана чыгыш өнөр чеберлери жана мыкты спортсмендер көрсөтүштү. Ошондой эле быйыл биринчи жолу улуттук оюндар боюнча көрсөтмөлүү мелдештерди өткөрдүк. Ордо, тогуз коргоол жана күрөштөн таймашуулар болду. Бүгүн борбордогу бардык эс алуучу жайларда спорттук иш чаралар болду. Панфилов, Ата Түрк эс алуу гүлбагында,Кара жыгач багындагы мелдештер Нооруз майрамына арналды. Ошондой эле футболдон «Алганын атактуу оюнчулары Регват Бибаевдин жана Алмаз Чокморовдун Свердлов райондук акимчилигинин байгесине эл аралык мелдештер Нооруз күнү башталды.

Негизинен Нооруз жалпы элдик майрам болгондуктан улуттук ,элдик оюндарга маани берип, басым жасап жатабыз. Себеби, быйыл улуттук спорт түрлөрү боюнча Кыргызстандын 3 – Спартакиадасы болмокчу.Ошондуктан Ноорузда мыктылар иргелип танталып алынды.


Бүгүн Бишкектеги «Ак кула» ат майданында Нооруз майрамына арналган ат үстүндѳгү оюндар: тыйын эңмей, оодарыш, кыз куумай , жорго салдыруу, кунан чабыш жана аламан байге мелдештери өттү. Аламан байге менен жорго салдыруунун баш байгесине жеңил автомашиналар коюлуп, көлдүк саяпкер Таалай Бурганаков таптаган күлүк, жорголор алдыга озуп баш байгени алышты.

Бүгүн көк бөрү боюнча Чүй областынын жана Бишкек шаарынын биринчилиги жыйынтыкталды. Финалда Бишкектин «Бөрүлүү» командасы менен Чүй районунун «Тынай» командасы беттешип, баш байгени бишкектик көк бөрүчүлөр жеңип алышты. Бул командадан Эмил Бекбердиновго мыкты оюнчу деген сыйлык тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG