Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:53

Таластагы Нооруз майрамы


Таласта Нооруз быйыл адаттагыдай эле Ак үйдүн алдында белгиленди. Майрамды мектеп окуучулары, студенттер жана маданият кызматкерлери театрлаштырылган оюн менен башташты. Ал эми майрамдын салтанаттуу бөлүгүнө облус губернатору Искендер Айдаралиев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, куттук сөз сүйлөштү. Андан соң улуттук оюн-зоок, таңтамашалар кайрадан уланды. Атай Огомбаев атындагы музыкалык мектептин алдында тигилген 7 боз үйдүн жасалгаланышы, улуттук дөөлөт мурастарды, дүр-дүйүмдү жайылтуу боюнча конкурста баш байге Теңир Ордо фондусунун облустук бөлүмүнүн ыктыярдууларына ыйгарылды. Алар башкалардан айрымаланышып, Ноорузду 20-марттын түнүнөн бери ата-бабалардын нарк-насили менен кантип тосушту көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG