Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

БИШКЕКТЕГИ НООРУЗ МАЙРАМЫ


Бүгүн Бишкек шаарындагы борбордук Алатоо өянтында Нооруз майрамы шаң-салтанат менен коштолду. Ага мамлекет башчысы Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин спикерлери, чет өлкөлүк элчилер катышты.

Бүгүн Нооруз майрамына байланыштуу Бишкектин Алатоо аянтында өткөн майрамдык салтанатка президент А.Акаев баштаган расмий бийлик жетекчилери, Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын он миңге жакын тургундары катышты. Майрамдык салтанатты Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов ачты. Ал Нооруз майрамы менен шаардыктарды жана майрамга келген меймандарды куттуктады. Шаар башчы жаңы жылда Кыргыз мамлекеттүлүүгүнүн 2200 жылдыгы, Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракеси өткөрүлө тургандыгын маалымдап, сөз кезегин президент А.Акаевге берди. Мамлекет башчысы жалпы кыргыз элине жана шаардыктарга майрамдык каалоо-тилектерин билдирди.

Куттуктоолордон соң «Нооруз» майрамынын урматына уюштурулган оюн-зоок көргөзүлдү. Нооруз майрамдык салтанатында «Шаттык», «Рахат», «Таберик» бий ансамблдери, Улуттук опера жана балет, кыргыз драма театрынын артисттери катышкан оюн-зоок болду.

Алатоо аянтында спорт оюндары уюштурулуп, Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтунун студенттери майрамдык концерт беришти. Шаардагы эс алуу парктарында, театрлардын алдында өнөрпоздор оюн коюп, Кыргызстан элдери ассамблеясынын өздүк-көркөм чыгармачылыгынын концерттик программасы тартууланды.
XS
SM
MD
LG