Референдумда Словениянын Европа Биримдигине киришин шайлоочулардын 80 % колдоору күтүлүүдө. Ал эми соңку сурамжылоолорго караганда, НАТОго кошулууну калктын 50% дан бир аз ашыгы гана жактайт. Аналитиктердин пикиринде,Словения Ирактагы согушка аралашып калабы деген чоочулоо калктын маанайына терс таасирин тийгизүүдө.