Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:35

АКШлык аскерлер жоготуулар болгонун тастыктады


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш эскерткенге караганда, Ирак лидери Саддам Хусейндин режимин кулатуу үчүн америкалык жана британиялык аскерлер катуу салгылашууларды баштан кечиришет.
Ирак телевидениеси Нассирия шаарынын чет жакасында колго түшүрүлгөн америкалык беш жоокерди жана өлгөн сегиз жоокердин жасатын көрсөттү.
АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд согуш туткундарын телевидениеден көрсөтүүнү Женева конвенциясын бузуу деп атады.
АКШнын аскерий жетекчилигинин маалымдашынча, Насирия шаарына жакын жерде аскерлерди камсыздоочу кербен буктурмага кабылып, 10го жакын америкалык аскер өлгөн жана 12 аскер дайынсыз жоголгон.
Катардын борбору Доха шаарындагы АКШлык күчтөрдүн Борбордук командачылыгынын штабынын өкүлү, генерал-лейтенант Жон Абизаиддин билдиришинче, кечээ күнү Насирия шаарынын жака белинде ирак аскерлери коалициялык күчтөргө аябагандай катуу каршылык көрсөткөн.
-Ал-Насирияда кырчылдашкан салгылашуу болгонун айткан жетиштүү. Бирок биздин деңиз аскерлерибиз ийгиликке жетип, душманды жеңди. Алгачкы маалыматка караганда, алар бул аймакта кайсы бир абадан коргоочу бөлүктүн сегиз танкын жана артиллериясын жөө аскерлер менен кошо жок кылышкан.
АКШлык жана Британиялык аскерлер Ирактын ортолугундагы Нажаф шаарында жана Умм Каср портунда да ирактык күчтөрдүн катуу каршылыгына бет келишкен.
Соңку маалыматтарга караганда, Багдад бүгүн таң эртелеп катуу бомбалоого дуушар болууда.
Ирактын маалымдоо министри Мохаммад Саид ас-Сахафтын маалымдашынча, авиачабуулдан өлкө боюнча 77 адам өлүп, 503 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG