Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Эл өкүлдөр жыйыны XIV сессиясын 25-мартта улантат


БИШКЕК. Бүгүн палатадан алынган маалыматка караганда, анда эртең улантылчу сессуяда алгач өлкөдөгү миграциялык процесстер жана аларды нормативдик-укуктук жактан камсыз кылуу тууралуу палата өткөн жылы кабыл алган токтомдун аткарылышы каралат. Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, тышкы иштер, ички иштер министрлери жана Улуттук коопсуздук кызматынын жана Чек ара кызматынын төрагалары маалымат беришет. Андан кийин палата саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча «Манас» улуттук программасынын аткарылышын талкууга алат. Палата ушул жуманын ичинде сессиянын күн тартибиндеги 38 маселенин калган 14 маселесин кароого үлгүрөт деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG