Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

"ЧИКАГО" МЮЗИКЛИ "ОСКАР" СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ


23-март, жекшемби күнү катуу кайтарууга алынган Лос-Анжелес сарайында Мартин Скорсезенин "Чикаго" мюзикли "Оскар" сыйлыгын жеңип алды. Ирак согушунун көлөкөсү астында өткөн салтанатта польшалык режисер Роман Полански "Пианист" тасмасы үчүн "эң мыкты режисер" деп таанылды. Ал эми эң мыкты аткаруучулук өнөрлөрү үчүн башкы сыйлыкты Николь Кидман жана Андриен Броди алды. Ошол эле убакта, Американын гана эмес, дүйнөлүк кино өнөрүнүн да башкы окуясы саналган "Оскар" тапшыруу каадасында күтүлбөгөн жаңылыктар менен катар, согуштан улам айрым ыңгайсыз кырдаалдар жетиштүү болду.

Ирактагы согушка каршы жана аны жактаган демонстранттар курчоого алган, Калифорниянын Улуттук гвардиясы кайтарган Лос-Анжелестеги Кино сарайга "согуш маалында тойлогондой болбойлу" деген Голивуддун кино жылдыздары адаттагыдан жупунураак кийинип келишти. Ушул эле этикалык себептен улам, адаттагы кызыл килем үстүндөгү ачылыш шаан-шөкөтү болбой калды.

2003-жылдын алты Оскарын, анын ичинде "жылдын эң мыкты фильми" наамын 20-кылымдын 30-жылдарында уюшкан кылмыштуулуктун арааны жүргөн "Шамалдуу Шаардын" таржымалын жазз музыкасынын коштоосунда чагылдырган "Чикаго" тасмасы алды.

Роман Поланскинин Экинчи дүйнөлүк согушта жөөттөрдүн кырылышын сүрөттөгөн "Пианист" фильми үчүн үч "Оскар" алышы күтүлбөгөн окуя болуп калды. Режисердун атынан сыйлыкты актер Харрисон Форд алды. 13 жаштагы кыз менен жыныстык байланышы үчүн 1977-жылы соттолуп, АКШдан качып чыккандан бери, Полански америкалык тартип коргоочулардан жашырынып жүрөт.

Австралиялык актриса Николь Кидман менен жаш актер Андриен Броди да Голивудду таң калтырып, "эң мыкты актерлер" деп табылды. Таң калтырганы - 35 жаштагы оозу оймоктой, кашы иймектей, чырайлуу Кидман "Чикагодо" ойногон Рени Целвегер алат деген сыйлыкты "илип" кетти. Ал эми 29 жаштагы Броди Жэк Никольсон, Николас Кейж өңдөнгөн ардагер актерлорду куркол калтырып, "Оскар" алган эң жаш актер болуп калды.

Ошентип, Перси булуңундагы согуштан улам үзгүлтүккө учурап калабы деген кооптонууга карабастан, быйылкы "Оскар" салтанаты акыры өткөрүлдү. Бирок андагы менен согуш туурасында айтылган ачуу сөздөр жалпы маанайды жакшырта алган жок. Курал алып жүрүү укугуна каршы тартылган "Колумбина үчүн топ тоголотуу" деген тасмасы "эң мыкты документалдуу фильм" деп табылган америкалык атактуу режисер Майкл Моор алтындан куюлган "Оскар" статуэткасын алып жатып, АКШнын президенти Жорж Бушту жана согушту катуу сындады. "Буш мырза, биз бул согушка каршыбыз. Уят, уят!" дегенде, 3 жарым миң чакты киши отурган зал нааразы болуп, дуу дей түштү.

"Адаптация" деген кайманалуу комедияда ойногон ролу үчүн "эң мыкты колдоочу актер" сыйлыгын алган Крис Купер жекшемби каадасында биринчи болуп согушту сындаган эле. Ал эми сыйлык тапшыруучу Гайл Гарсиа Бернал сөзүн буруп, согушка каршы оюн ортого салуу менен "Оскардын" түпнегиз эрежесине доо кетирди.

Испаниялык режисер Педро Алмодовар кабарчыларга "испандардын 90 пайызы бул согушта Бушту колдогон премьер-министр Хозе Мария Азнарга каршы экенин баарыңар билип койгула", - деди.

Конок ээси, Киноөнөрү жана киноилим Академиясынын президенти Фрэнк Пирсондун Перси булуңундагы америкалык аскерлерге жана Ирак элине согушсуз келечек каалаган сөздөрү да курчуп турган кырдаалга от чачкандай болду.

Эң мыкты актер деп табылган Броди "азыркыдай кыйчалышта сыйлыкты ары карап ыйлап, бери карап күлүп туруп алып жатам, согуш бүтсө экен деп кудайга табынам", - деди.

Германиянын "Африкадагы туңгуюк" тасмасы "эң мыкты чет элдик фильм" деп табылды. Ал эми теги ирландиялык актер Петер Отуул "кино өнөрүнө кошкон салымы үчүн" Оскардын ардактуу лауреаты болуп калды.
XS
SM
MD
LG