Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

БАТКЕН ОБЛУСТУК СОТУ ШЕРАЛЫ АКБОТОЕВГЕ КАРАТА РАЙОНДУК СОТТУН ӨКҮМҮН КҮЧҮНДӨ КАЛТЫРДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 20-мартта Баткен облустук соту «Өзбекстан ислам кыймылынын» мурдагы мүчөсү, Баткен районунун Карабак айылында туулуп-өскөн 41 жаштагы Шералы Акботоевдин апелляциялык арызын кароону аяктап, аны 25 жылга эркинен ажыраткан Баткен райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Өкүм чыгараар алдында биз Шералы Акботоев менен маектештик.

- Шералы мырза, сиз сотто «Өзбекстан ислам кыймылына» өз ыктыярыңыз менен кошулбаганыңызды, атайын мамлекеттик тапшырманы аткарыш үчүн сүйлөшүүгө барып, айласыздан калып калганыңызды кайра-кайра айттыңыз. Эгер чын эле ошондой болгон болсо, анда эмне үчүн мамлекет сизге кайра катаал мамиле жасап, ушундай оор жазага тартып жатат?

- Мен да түшүнбөй турам,чындык чыгып калаар.

- Ошол сүйлөшүүгө жөнөтүп атканда, жөнөткөн кишилер сиздин кийинки өмүрүңүздү кепилдикке алган убада берип, «кармалып калсаң кайра кайтарып алабыз» дегендей сөз болду беле?

- Бул окуя биринчи болуп жаткандыктан, мындай кырдаал болушун күткөн эмеспиз. Андан тышкары оозеки сөздөр болгон.

- Кимдер айткан ошол сөздү, кимдер жөнөткөн?

- Бийлик органдары бар болчу ал мезгилде, мен иштешкенде полковник Кутманов болчу. Эми ал жерде армия болгондон кийин ички иштер министри Кутуев да болгон, Мырзакан Субанов да болгон.

- «Барымтага түшкөн Баткен районунун ошол убактагы акими Абдрахман Маматалиев баштаган кишилерди бошоттум» деп атасыз. Ошол сүйлөшүүгө кененирээк токтосоңуз.

- Бул жөнүндө мен кыскараак токтоло кетейин. Бул жөнүндө биздин СНБ органдары жакшыраак жооп беришсе жакшы болоор эле. Бизге кандай тапшырма берген болсо, биринчи акимди бошотуу, анан калган үчөөсүн акырындык менен бошотуу жөнүндө сөз болгон.

- Сиз кыймылдын колбашчысы Жума Наманганинин басма сөз катчысы болуп, атүгүл кыймылдын жетектөөчү кеңешине мүчө да болуп жүрүптүрсүз. Алар сизге ишеним көрсөтүп, ушундай даражаны ыйгаруусуна эмне түрткү болду?

- Негизинен бир себеби - мени азбы-көппү маалыматтка ээ болгондугум. Ооганстандын бардык дини белгилүү, ал жерде сабатсыз адамдар көп. Ошондуктан мен дагы ошондой кызматка дайындалгам.

- Сот ишинде сиздин Ирандагы кыргыз элчилигине барып, Кыргызстанга кетүү өтүнүчү менен кайрылганыңыз маалым болду. Ошол окуяга токтоло кетсеңиз.

- 2000-жылы антитеррористтик кампания башталгандан кийин, согуш катуу болуп кетти. Натыйжада «Талибан» өкмөтү көп жерден контролун жоготту. Өздөрү да айтып калды «ушул жерде ар ким үй-бүлөсүн койбош керек, мурдагыдай өкмөт азыр мүмкүнчүлүгү жок» деп. Биз да күтүп жүргөнбүз ушундай мүмкүнчүлүк болушун, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Мекенге кайтууга аракет жасадык. Андан көп роль ойногон нерсе бул тил билүү болду. Тил билбесе ал жерде өтө кыйын. Тил билгендин натыйжасында көп убакыт өткөзүп, бир жарым ай аралыкта жолун таап Иранга өттүк. Биз алыс жерге кетип калган экенбиз, кайра элди таап барганча бир канча убакыт өтүп кетти. Элчиге бардык, барганда биз болгонун болгондой айтканбыз. Алар мындайды мурун көрүп, уккан эмес. Булар коркуп кетишти бул нерседен. Ошондуктан биз ал жерде да сыртта калдык. Бир талаада, бузулган имараттын ичинде бир жарым ай турганбыз үй-бүлө менен, жаш балдар менен. Ошондон кийин ким бул жакка байланышы барын тактап, аракет жасап бул жакка келдик. Эгерде менин Мекенге кайтыш ниетим болбосо - кадрлар маселеси бардык мамлекеттерде эле кызыктуу, башка мамлекеттердин атайын кызмат органы да кызык... Мекенге кетүү ниетим болгондуктан, жашыруун болгом. Мен кайрылсам бардыгы эле кабыл алмак. Кадр боюнча, тил билгеним боюнча көп эле иштерде иштешим мүмкүн эле.

- Кыргызстанга жөнөп жатканыңызда, мамлекетиңизде сизди «чыккынчы, саткын» деген сөздөр болуп жатканын, ушундай оор жаза күтүп турганын алдын-ала сездиңизби?

- Мен мындай аттардын аталышы жөнүндө ойлогон жокмун. Бирок кандай жаза болушу мени кызыктырган эмес, мен кандай болсо дагы Мекенге кайтып, өзүбүздүн жамандыгыбызды тыйып туруштун аракетинде болдум. Болбосо мен да башка чет элдерде калышыма мүмкүнчүлүгүм бар эле. Акырында Кыргызстанда кыйналышым мүмкүн. Бирок мен өзүбүздүн чакан мамлекетибиз болгону мага да сыймык болгондугунан - тышта көрдүк, бардык эле мамлекеттер элинин кызыкчылыгы үчүн күрөшөт экен - мен да ошону түшүнгөнүмдөн, «кандай болсо дагы Мекенге барсам мүмкүн болсо пайдам тийип калат, эч болбогондо жамандыгым тийбей калат» деп ойлогом.

XS
SM
MD
LG