Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:58

ПАРЛАМЕНТ КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛККӨ САЛЫК КИРГИЗҮҮ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛООГО КИРИШТИ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны дүйшөмбүдө «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кезексиз кароого киришти. Ушул жылдын апрелинен тартып ишке кирээри көрсөтүлгөн долбоор Кыргызстандын шаарларындагы кыймылсыз мүлккө салык киргизүү максатын көздөйт.

Парламент «Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кыргыз өкмөтүнүн сунушуна ылайык чукул талкуулай баштады. Ага вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышууда. Финансы министри Болот Абилдаев мыйзам долбоорун сунуштап жатып:

- Менчик ээлеринин кызыгуусун арттыруу, мүлктү натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү бюджеттин кирешесин арттыруу максатында биз өлкөгө салыктын ушул түрүн киргизүүнү сунуштайбыз, - деди.

Мыйзам кабыл алынса, ага ылайык Кыргызстандын 22 шаарында наркы 10 миң доллардан кем турбаган жеке менчик жана юридикалык тараптарга таандык кыймылсыз мүлктөн салык алына баштайт. Долбоордо жеке менчик мүлк наркынын 05%, юридикалык тараптын мүлк наркынын 1,5% салык катары алынаары каралган. Эл аралык Валюта Фондунун сунуштарына туура келген мындай ченемдин негизинде, шаарлар болжол менен бюджетке быйыл 65 миллион сом, анын ичинде Бишкек шаары 35-40 миллион сом пайда алып келет деген божомол бар. Финансы министринин билдиргенине караганда, Түркмөнстан менен Тажикстанды эске албаганда акыркылардан болуп киргизилип жаткан бул тартип 2005-жылга чейин Кыргызстандын аймагын толук камтыйт. Алгачкы этап катары сунушталып жаткан шаарлардагы кыймылсыз мүлктөн салык алуу сунушу парламентте ар башка көз караштарды жаратууда. Суроо-жооп иретинде жүргөн бүгүнкү талкууда мүлктү баалоого, салык төлөнүүчү кыймылсыз мүлктүн критерийлерине, башка салыктардан өзгөчөлүктөрүнө байланышкан суроолор берилди. Маселен, депутат Орозбек Дүйшеевдин пикири боюнча, долбоордо байлардын укуктары корголуп жатат:

- Эмне үчүн «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан салык алынбайт? Хансарайлар шаардын ичинде шаардын сыртындагыга караганда аз. Көптөгөн байлар үйлөрүн айыл жерлерине куруп алышкан. Демек, биз байларды коргоп жатабыз.

Парламентте өкмөт элдин социалдык абалы менен эсептешүүнүн, ырааттуу иштөөнүн ордуна салыктын жаңы түрлөрүн сунуштоо менен алектенип жатканы белгиленди. Депутат Өмүрбек Текебаев Финансы министрлигине мындан аркы талкуунун жүрүшүндө өкмөт салыктарынын бардык түрлөрүнө талдоо жүргүзүүнү сунуштады.

Эл аралык Валюта Фондунун сунуштарына жетеленбей, өлкөнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө жана элдин жагдайына караш керектигин белгилеген бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун өксүктөрү көп деп эсептешет. Депутат Александр Карпасов:

- Силерден көптөгөн суроолорго депутаттар конкреттүү жооп ала албай атышат. Менимче, мыйзам долбоору чийки бойдон.

Долбоорго канааттанбаган мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Курманбек Бакиев мындай каалоосун билдирди:

- ЭВФ менен принципиалдуу иш алып баргыла, урматтуу менин мурунку кесиптештерим. Алардын сунуштарынын баарына эле макул дей бербей, принципиалдуу иш алып барбасаңар мындан ары да оңолушубуз кыйын. Мына баятан бери экономика боюнча, өнүгүп-өсүш боюнча сөз жок. Же Финминден чыкпайт же башка жактан чыкпайт.

Парламент 25-марттагы талкуусун жергиликтүү телеберүү аркылуу элге түз алып көрсөтүүнү чечти. Муну сунуштаган депутат Ташболот Балтабаевдин пикири боюнча, өтө жооптуу мамилени талап кылган бул мыйзам долбооруна байланышкан талкууга эл өзү байкоо жүргүзүп турушу керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG