Чех бийликтери Ирактын Чехиядагы өкүлү Малик Мухаммед Анини 48 сааттын ичинде өлкөнү таштап кетүүгө буйруду. Үч күн мурда ирактык төрт дипломат Чехиядан айдалып чыккан.
Чехиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Вит Колардын билдиришинче, Малик Мухаммад Ани өз мартабасына “ылайыксыз иштерди жасаган”. Бул сөз демейде “шпиондук кылды” дегенди түшүндүрөт.
Италияда тыңчылык кылды деп шектелген ирактык төрт дипломат АКШнын талабына ылайык өлкөдөн айдалып чыкканын Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини дүйшөмбү күнү тастыктаган.