Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

ИРАКТАГЫ СОГУШ, УНЧУКПАГАН «АК ҮЙ», КАБАТЫРЛАНГАН КАЛК


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Иракта беш күндөн бери согуш жүрүп жатат. Кыргыз мамлекет башчысы согушка карата өз пикирин ачык айта элек. Азырынча өлкө жетекчилиги Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү менен гана чектелип турууну эп көрүүдө. Айрым маалыматтарга караганда согуш башталган күнү кыргыз өкмөтү жабык эшик артында жыйын өткөргөн. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-мартта Тышкы иштер министрлигинин пикирин угуп, дүйшөмбү күнкү жыйынында АКШнын президенти менен Конгрессине согушту токтотуу тууралуу кайрылуу жолдошту.

Ирак жергесинде беш күндөн бери жүрүп жаткан согуш кыргыз коомчулугун бир топ кооптондуруп койду. Согуш башталганын карапайым калк өтө тынчсыздануу менен кабыл алды. Өлкөдөгү маалымат таңкыстыгына карабай, Ирактагы согуштун жүрүшүнө кулак төшөп, телевидение, радио аркылуу окуянын өнүгүшүн билүүгө куштарлангандар арбын. Эки-үч адамдын башы кошулган жерде Ирактагы согуш талкууланып, айрымдары АКШнын аракетин жакташса, айрымдары Иракка жан тартат. Бирок жалпы алганда согушту колдогон кишини табыш кыйын. Ортодогу тирешүүнү согуш аркылуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилишин өлкө калкынын негизги бөлүгү колдойт.

Ал эми бийлик азырынча Тышкы иштер министрлигинин 20-марттагы билдирүүсү менен гана чектелип, мамлекет башчысы да, өкмөт жетекчиси да бул маселе боюнча өз пикирлерин билдире элек. Өкмөт жетекчиси 20-мартта өткөргөн жыйында тек гана айрым министрлерди Ирактагы согуш өлкөнүн финансы системасына жана мунай тармагына залалы тийбеси үчүн сак болушун эскертти. Ал эми мамлекет башчысы азырынча бул маселе боюнча унчукпай кое турууну туура тапкандай.

Көпчүлүк эксперттер Аскар Акаев Нооруз күнү Алатоо аянтында окуяга карата өз пикирин билдирет деп күтүшкөн эле. Ал күнкү сөзүндө окуя тууралуу эч кандай пикир айтылбагандан улам, 24-мартта өтүүчү Коопсуздук Кеңешинин жыйынында айтаар деген үмүттө калышкан. Бирок, бул күнү жыйын өтпөй, ал бир күн артка жылдырылды. Биздин алдын-ала иликтөөбүзгө караганда 25-мартта өтө турган жыйында өлкөнүн энергетика тармагы менен коомчулуктун тынчын алган көмүскө экономика маселеси гана талкууга алынаары айкын болуп отурат. Ал эми Ирактагы согуштун жүрүшү, ага карата мамлекет башчысынын жеке мамилеси кандай болуш керек - азырынча бул маселе боюнча Өкмөт Үйүндө сөз боло электиги бизге жеткен айрым булактар аркылуу ырасталууда.

Кыргыз президентинин мындай аракетинен улам, айрым байкоочулар анын Ирак маселеси боюнча Орусия президентинин пикирине ыктап турганын, бирок батыл пикирин ачыктоого батына албай жатканын айтышууда. Буга чейин мамлекет башчысы Аскар Акаев тышкы саясатта Чыгыштан Кытай, Батыштан Орусиянын, океандын ары жагынан Американын саясатын кармана турганын ар убак айтып келген эле.

- Азыркы учурда биздин эл аралык саясатыбызда орусиялык, кытайлык жана америкалык багыттардын тогошуп турганы өлкөбүз үчүн тышкы саясатта кубаттуу пайдубал курууга, өзгөргөн дүйнөдөгү Кыргызстандын абалын чыңдоого эң жакшы шарт түзүүдө, - деп мамлекет башчысынын ачык айтканы бар.

Эми согуш оту тутанган учурда кыргыз президенти үч державанын кайсынысын колдоорун чече албай, күтө турууну туура таап жаткандай.
Ирактагы кырдаалга карата Өкмөт Үйүнө караганда кыргыз парламенти ыкчамдыгын көргөзүп, алгачкы эле күнү аны талкууга алып, 24-мартта АКШ президентине, Конгрессине кайрылуу жолдоду. Кайрылууда депутаттар Ирак маселесин күч колдонуу жолу менен эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун уставына ылайык чечүүнү талап кылып, АКШ менен Англиянын жетекчилеринин аракетин айыпташты. Бул кайрылууну добушка коюп жатып, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, анын текстин жазууга өзү да түздөн-түз аралашканын айтып, калыс пикирлер камтылганын эскертти:

- Билдирүүнүн текстин даярдап берүүдө мен дагы катыштым, абдан нейтралдуу, «жакынкы күндөрдө согуш токтосун деген». Жөн эле добуш берип коюңуздар, өтсө өтөт, өтпөсө жок.

Жыйынтыктап айтканда кыргыз коомчулугу беш күн мурда Иракка каршы башталган согушка кооптонуу менен карап, өз тынчсыздануусун билдирип жатат.

XS
SM
MD
LG