Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Тони Блэр Жорж Буш менен ушул аптада сүйлөшүү жүргүзөт


Америкалык өкүлдөрдүн билдиришинче, Британиянын өкмөт башчысы Вашингтонго эртең-бүрсүгүнү барып калышы мүмкүн.
Буш менен Блэр АКШ президентинин Кэмп Дэвиддеги резиденциясында жолугуп, Ирак согушун жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды талкуулашат.
Дүйшөмбүдө Блэр Британ парламентине "Ирактагы америкалык жана британ аскерлеринин негизги максаты – мүмкүн болушунча тез арада Багдадга жетүү" деп билдирген.
Жорж Буш Ирак согушуна жана анти-терроризм иш-чараларына Конгресстен 75 миллиард доллар сурайт деп күтүлүүдө. Ассошиэйтед Пресстин билдиришинче, аталган суммадан 63 миллиардга чукулу Коргоо Департаментине (министрлигине) берилет.

XS
SM
MD
LG