Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кызматташтык боюнча комитети жыйын курууда


БИШКЕК. Учурда вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметов Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык боюнча комитеттин Брюссель шаарында өтүп жаткан төртүнчү жыйынына катышууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, жыйындын күн тартибине кызматташтык боюнча төртүнчү кеңештин чечимдерин сактоо, соода жана инвестиция боюнча бөлүмдүн ишкердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулоо жана акыркы кезде Европа Биримдиги менен Кыргызстанда болгон саясий-экономикалык окуялар боюнча пикир алмашуу кирген. Андан тышкары жыйындын катышуучулары адам укуктарын коргоого, демократияга жана жарандык коомдун, массалык маалымат каражаттарынын эркиндигине байланышкан маселелерди талкуулап, тышкы саясат, регионалдык кызматташуу, эл аралык техникалык жардам маселелерине да көңүл бөлүшөт.

XS
SM
MD
LG