Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:28

«Арнамыс» партиясынын штаб башчысы бийлик органдарын сынга алды


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Дулатовду камакка алуу менен бийлик, анын ичинде тартип коргоо органдары коомдо атайылап чатак чыгарууга аракет кылышууда. Мындай пикирин бүгүн «Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиев «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын пикири боюнча бийлик мындай аракеттерге алдын-ала ойлонуп барып, өлкөдөгү саясий туруктуулукту бузууга далалаттанып жатат. «Мындан тышкары бийликтин айрым өкүлдөрү элдин көңүлүн мамлекеттик саясий-экономикалык маселелерден алаксытуу максатын көздөп жатышат», - деди Эмил Алиев. Ал, партия мүчөлөрү «Тынчтыкбек Дулатов саясий негизде кармалды» деп, Башкы Прокуратурага, эл аралык укук коргоо уюмдарына, Акыйкатчыга кайрылышканын, бирок эч бир орган жыйынтыктуу жооп бербей жаткандыгын айтып өттү. Маалымат жыйынында Жарандык лидерлер форумунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова, КДК партиясынын лидерлери Виктор Черноморец менен Жыпар Жекшеев Тынчтыкбек Дулатов 2-февралдагы референдумда адамдардын топтошуп добуш беришин каттоого алгандыгы үчүн атайылап айыпталып жаткандыгын баса белгилешти.

XS
SM
MD
LG