Бириккен Улуттардын маалымат катчысы Алмеида де Силва Кундуз провинциясында селден 474 үй пайдалануудан чыгып калганын билдирди. БУУнун жана Кабул өкмөтүнүн адистери кырсыктын Мазари Шарифтеги кесепетин иликтеп жатышат. Шаар тургундары Ройтерс агенттигине мында үч киши набыт болгонун билдиришти.