Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:11

ӨЗ АРА ЭСЕПТЕШҮҮ ПЕНСИОНЕРГЕ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛЕБИ?


2003-жылы пенсияны ун, кант сыяктуу товарлар менен таратуу күчөшү ыктымал. Адахан Мадумаров баштаган бир катар депутаттардын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын 6-мартында чыгарган токтому буга жол ачат. Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков аталган токтомдун карыларга эч кандай зыяны тийбейт, пенсияны нак акча менен таратуу мурдагы эле деңгээлинде калат деп билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өкмөттүн 6-марттагы «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетин аткаруу жөнүндөгү» токтому президент Аскар Акаев кол койгон бир катар мыйзамдарга каршы келет дейт:

- Биз кабыл алган «Пенсияны, жөлөк пулду жана маянаны өз убагында төлөп туруу жөнүндөгү» мыйзамда пенсияны, жөлөк пулду жана маянаны нак акча – сом менен гана таратуу каралган. Бир гана кошумчалай турган нерсе - эгер пенсионер же жөлөк пул алып жаткан адам өз каалоосу менен кайрылса ун же кумшекер түрүндө алса болот. Биз 2001-2002-жылдары пенсияны, жөлөк пулду товар түрүндө таратуунун көрсөткүчүн 7% чейин түшүргөнбүз. Эми болсо бул токтомдо анын көлөмүн кайра 9% көтөрүү айтылыптыр. Муну бетке кармаган бийлик өкүлдөрү сапаты начар товарларды базар баасынан кымбат баада элге таңуулап таратууну күчөтөт.

Социалдык фонддун төрагасы Акматбек Келдибеков депутаттын мындай пикири менен макул эмес:

- Бул токтомдун кабыл алынышы менен эле эми пенсия, жөлөк пул ун, буудай менен таратыла баштайт деген туура эмес. Алар мурдагыдай эле нак акча менен берилет. Токтомдун биринчи пунктунда пенсия, жөлөк пул берүүнүн көлөмү 9% деп турат, ал эми былтыр анын көлөмү 10% болгон, ошентип биз нак акча менен берүүнү көбөйтүп жатабыз. Пенсияны өз убагында берүүгө аракет кылып иштеп жатабыз, азыр пенсиядан карызыбыз жок. Адахан Мадумаров айткандай, эгерде пенсионер өзү макул болуп ун же буудай алам десе гана аларды беребиз. Болгону көпчүлүк дыйкан чарбалары Соцфонго которуп туруучу камсыздандыруу акыларын накталай акча менен эмес, буудай түрүндө төгүүнү суранышат. Биз ошол эле буудайды ар бир пенсионердин, ар бир адамдын макулдугу менен гана тарата алабыз.

Акматбек Келдибековдун сөзүнө караганда, Социалдык фонд пенсия менен жөлөк пулду ун, шекер сыяктуу товарлар менен таратууну мындан ары азайтуунун жолдорун ойлоп, иштеп жатат:

- Пенсияны азыр негизинен нак акча менен берип жатабыз. Бирок дыйкан чарбаларынан алынган буудайды мамлекеттик резерв сатып алыш керек да, анын акчасын Финансы министрлиги Социалдык фондго которуп турушу керек. Ушуну мыйзамдаштырыш үчүн токтом иштеп чыктык. Аны азыр министрликтер менен макулдашып жатабыз.

Токтомдо кесипчилик бирликтерине (профсоюздарга) Социалдык фонд тарабынан төлөнүп туруучу накталай акчанын ордуна күйүүчү май, курулуш материалдарын, сыр, эмерек түрүндө берсе болот деп айтылган. Акматбек Келдибеков бул жаңылык эмне себептен киргизилгенин мындай негиздеди:

- Кесипчилик бирликтеринин эс алуу үйлөрү, пансионаттары жана лагерлери бар. Аларды ремонттон өткөрүп, актап-сырдаш керек. Анан өздөрүнө керектүү курулуш материалдарын, тамак-ашын базар баасынан арзан таап келип жатса, ага бут тосуунун эмне кереги бар? Бул иштин пенсионерлерге эч кандай тиешеси жок!

Адахан Мадумаров токтомдун дал ушул жери «Мамлекеттик сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет дейт:

- Аталган мыйзамда «мамлекеттик мекеме-уюмдар тигил же бул товар, буюмду сатып алыш үчүн сөзсүз түрдө тендер жарыялайт» деп жазылган. Тендерге жетекчилик кылган комиссия сапаты мыкты, баасы арзаныраак товар, буюмду тандап, сатып алууга чечим чыгарып берет. Муну биз, депутаттар, коррупциянын тамырын кыркуу максатында мыйзамга жазганбыз.

Адахан Мадумаров «өкмөттүн аталган документин жокко чыгаруу максатында Мыйзам чыгаруу жыйынынын токтомунун долбоорун даярдап койдум, депутаттар аны колдоп берет деген ишенимдемин» дейт.

XS
SM
MD
LG