Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:35

Багдад бомбаланды,АКШ Иракка кошумча аскер күчтөрүн киргизүүнү тездетет


Багдадды бомбалоо түн ортосунда жана эртең менен да улантылды.Кабарларга караганда,бутага шаардын борбордук бөлүгүндөгү, чет жакасындагы жайлар бирдей алынган.Коалициялык күчтөр Багдадга жана Республикалык Гвардиянын анын чет жакасындагы турумдарына абадан бейшемби күнү да сокку урган эле.
Ирактын коргоо министри Султан Хашим Ахмеддин басма сөз жыйынында билдиргенине караганда,учурда Багдаддан 140 чакырым алыстыкта турган коалициялык күчтөр шаарды 5-10 күндүн аралыгында толук курчоого алышы мүмкүн.Бирок ,ал көчөмө-көчө уруштарда ирактыктар жеңишке жетээрин белгиледи.Ал эми коалициялык күчтөрдүн жетекчилиги аскерлер Багдадга 80 чакырым калганын айтууда.АКШ Ирактын аймагына кошумча аскерлерди киргизүүнү тездете баштайт.Азыр согуш талаасында АКШ менен Британиянын 120 миңдей аскери бар.Маалымат агенттиктери Пентагондун өкүлдөрүнө шилтеме берип билдиргендей, алардын катарына дагы 100 миңден ашуун жоокер кошулмакчы.Ирактын түндүк ыптасынан экинчи фронтту ачуу белгиленүүдө. Күрддөр жашаган бул аймакка жума күнгө карата 1200 жоокер ташталды.Америкалык аскерлер келе баштагандан кийин ирактыктар бул жердеги турумдарын калтырып кетишкен. Алардын ордун эми жергиликтүү күрддөрдүн күчтөрү ээледи. АКШ президенти Жорж Буш британ премьери Тони Блэр менен Кемп-Дэвиддеги сүйлөшүүлөрү аяктагандан соң айтканына караганда, аскерий операциянын мөөнөтү канчага созулбасын,коалициялык күчтөр Саддам Хусейнди бийликтен кулатат.

XS
SM
MD
LG