Кемедеги жүздөгөн тонна тамак-аш, дары-дармек, таза суу биринчи кезекте Ирактын түштүгүндөгү Басра калаасынын 1 жарым млн го жакын тургундарына жеткирилмекчи. Ирактагы АКШ армиясынын бригадири, генерал Винсент Брукс миналардан тазаланган соң ишке киришкен Умм-Каср порту Иракка гуманитардык жана согуштук жүктөрдү жеткирүүдө өтө маанилүү роль ойнорун белгиледи. Портту көздөй Австралиядан ар бири 50 миң тоннадай буудай жүктөгөн эки кеме келатканы да маалымдалды.
Ирактагы Умм-Каср порту алгачкы гуманитардык жардам жүктөгөн британиялык кемени кабыл алды