Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

БИШКЕКТЕ КЫРГЫЗСТАНДЫН УЛУТТУК ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТИНИН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛДУ


Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы талаш-тартыш менен өттү. Конференцияга Казакстан менен Орусиянын өкүлдөрү да катышты. Комитетке жаңы мүчөлөр шайланды. Үчүнчү мөөнөткө УОКко президент болуп Эшим Кутманалиев кайра шайланды.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясы 5-мартта өткөрүлмөк. Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиевди ээрден жыга тартуу оюну башталып, бир айдан бери тымызын тирешүүлөр болуп келген. Чиновниктердин кийлигишүүсү менен конференция убагында өтпөй кийинкиге жылдырылган. Олимпиадалык комитеттин мүчөлөрү конференцияны 11-мартта Бишкектеги Тарых музейинде өткөрүү чечимин кабыл алышкан. Бирок өкмөттүн кийлигишүүсү менен олимпиадалык комитеттин ишмердүүлүгүн кылдат текшерип, ар кандай шылтоо таап, бул күнкү жыйын да үзгүлтүккө учураган. Эл аралык олимпиадалык хартияга ылайык Улуттук олимпиада комитетинин ишине, олимпиадалык кыймылга өкмөттүн, мамлекеттик мекемелердин кийлигишүүгө акысы жок. Ошого карабай кыргыз өкмөтүнөн бир тыйын каражат албаган олимпиадалык комитетке кысым көрсөтүлүп, 26-мартта үчүнчү ирет отчеттук кайра шайлоо конференциясын үзгүлтүккө учуратуу аракети болду. Конференция башталаарда спортко, олимпиадалык кыймылга тиешеси жоктор да чакыруу кагазы жок эле коопсуздук кызматын тоготпой залга жулунуп киришти.

Бул жөнүндө Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты, Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Болот Шерниязов мындай деди:

- Конференцияны үзгөлтүккө учуратуу аракети жакшылыкка алып келбейт. Кыргызстандын беделин түшүрүштү. Казакстандан, Орусиядан келген өкүлдөргө уят болдук. Эшиктен келип, төр меники деген Жыргалбек Сурабалдиевдин жоругу Кудайга да жакпайт. Бардык нерсени мыйзам чегинде жасаш керек. Олимпиада комитетинин кемчиликтерин да айттык. Анын президентин шайлоодо өз кызыкчылыгыбызды гана ойлобостон, Кыргызстандын мамлекеттик кызыкчылыгын, ар-намысын жогору коюшубуз керек. Эл аралык олимпиадалык кыймылда, Азия чөйрөсүндө Эшим Кутманалиевдин кадыр-баркы абдан жогору. Анын дагы кемчиликтери бар. Аларды жоюп, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн дагы иштеп берүүсүн өтүндүк.

Олимпиадалык комитеттин отчёттук кайра шайлоо конференциясына катышкан Кыргызстандын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев мындай деди:

- Спортко, олимпиадалык кыймылга эч тиешеси жок чиновниктер олимпиада комитетине мүчө болуп алышкан. Алар кыйратып деле иш бүткөрбөйт. Ошондуктан спорттун ар кайсы түрлөрүндөгү мыкты спортчулардан, машыктыруучулардан олимпиадалык комитетке мүчө кылыш керек эле. Жаштардан да мүчөлөр жокко эсе. Олимпиадалык кыймылга жаштарды тартса алар тажрыйба топтоп, улуулардын ишин татыктуу улантып кетишмек. Ошондо кечээгидей талаш-тартыш, чыр-чатак болмок эмес. Ишти жаап-жашырбай, ачык-айкын жүргүзсө утуш болмок. Олимпиадалык оюндарды жеңген мен эмне үчүн УОКко мүчө боло албайм?

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин отчеттук кайра шайлоо конференциясында бул уюмдун ийгиликтери менен катар эле кемчиликтери да сынга алынды. Конференциянын ишине Казакстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Тимур Досумбетов, Шериктеш өлкөлөрдүн олимпиадалык комитеттер ассоциациясынын аткаруучу директору Николай Юрьев да катышты. Алар биримдик, кызматташуу жөнүндө өз ойлорун айтышты. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Эшим Кутманалиевге Орусиянын Олимпиадалык ордени ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенттигине үчүнчү мөөнөткө Эшим Кутманалиев бир добуштан кайра шайланды. Кыргыз эл депутаттары Болот Шерниязов, Жаныш Рустембеков жана Айдар Керимкулов баштаган 8 киши олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнө кабыл алынды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG