Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:01

Бишкек-Торугарт жолундагы трагедиянын себептери иликтенүүдө


БИШКЕК. 27-мартта Бишкек-Торугарт жолунда каза болгон 21 жарандын ким экенин аныктоого көмөк көрсөтүү максатында бүгүн Бишкекке Кытайдан адистер келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Андан алынган маалыматка караганда жергиликтүү соттук-медициналык эксперттердин бул ишти аткарууга техникалык мүмкүнчүлүгү жетишсиз болуп чыкты. Ошондуктан кытайлык адистердин жардамы керек болууда. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Самат Тойматовдун билдирүүсүнө караганда, өлүктөрдүн өтө катуу күйүп кеткендигине байланыштуу алардын ким экендигин аныкташ кыйын болуп жатат. Бирок бул иш ушул жуманын ичинде аткарылмакчы. 27-мартта Бишкек-Торугарт жолунун 260-чакырымында Кытайга таандык автобуста трагедия болуп, андан 21 адам каза болгон.

XS
SM
MD
LG