- Аман аба, «Татым туз», «Сарала эт», «Ширеңке», «Каныкейдин алтын билериги» аттуу майда аңгеме, повесттериңиз аркылуу сиз республикага таанымал жазуучусуз. Азыр эмне жазып жатасыз? Дегеле жазуучулук тагдырыңызга ыраазысызбы?
- Жазуучулук тагдырыма албетте ыраазымын. Мен чет элде эмиграцияда 30 жыл жашап келдим. Мен бул жакта Түп районунда туулгам. 30-жылдары репрессияда болгон туугандарыбыздын куйругу катарында, колхоз-совхозго албагандыктан, ачкачылыктан Кытайды көздөй качып кеткенбиз. Ошол жакка барып уйгур, казак мектептеринде окудум. Кыргыз мектеп да жок. Андан барып Бээжинде 3-4 жыл кытай тилинде филология факультетин окуп бүтүрдүм. Андан келип редакцияда иштедим. Жазуучулук иштер ошол жакта эле башталган. 50 жылдан ашып калды, ушу күнгө чейин улантып келатам.
- Сиздин кытай–кыргыз сөздүгүн түзгөнүңүздү билебиз. Бул сөздүктү түзүүгө эмне себеп болду?
- Бул сөздүктү түзүүнү мен Бээжинде окуп жүргөн кезде эле ойлогом. Андан бери жарым кылымдан ашып кетти. Советтер Союзу доорунда Кыргызстанда кытайча–кыргызча сөздүк түзүү абдан кыйын эле. Анткени Москвадан кытайча-орусча сөздүк дайыма чыгып турган. Республикаларда бул маселени көтөрүп чыгуу кыйын эле. Эгемендик алгандан кийин, 1996-жылы отуруп алып эч кимдин демилгесиз эле, өз демилгем менен жазып, иштей баштадым. 10 чакты сөздүктөн пайдаланып, беш жыл саргарып отуруп, 2001-жылы бүттүм. Эч кандай жардам болгон жок. Ошол боюнча жаткан. Университеттин ректору Мустафа Мусаевич, биздин министрибиз И. Болжурова келгенде анын кулагына салды. И. Болжурова президентке кирип, ушул маселени коюптур. Кытай менен чек ара 1000 километрден ашык. Чыгаруунун зарылдыгы ортого коюлуп калды. Ошол кишилердин демилгеси менен азыр иштеп жатабыз. БГУда терилип атат, жарымы терилип бүттү. Ал жерде Кубаныч Сусаев деген кытай тил борборунун директору бар. Ал киши жакшы иштеп атат. Кудай буюрса августка чейин биз баарын терип бүтүп, чыгарабыз деген оюбуз бар.
- Маек куруп бергениңизге рахмат.