Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:45

Шайлоо системасын жакшыртууга арналган талкуулар улантылат


БИШКЕК. Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясына ылайык шайлоо системасына киргизиле турган жаңы нормаларга арналган коомдук угуулар 10-апрелде Ош жана Баткен облустарында улантылат. Мындай маалымат бүгүн «Арнамыс» партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиевден алынды. Анын айтымында, коомдук угуу андан кийин башка региондордо да өткөрүлөт. Ал эми 30-мартта «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен Ысыккөл облусунун Каракол шаарында өткөн алгачкы коомдук угууда жаңы Конституциянын талаптарына ылайык өткөрүлө турган мажоритардык шайлоо системасынын оң жана терс жактары, болочок парламенттин иш милдети, парламенттик шайлоого саясий партиялардын катышы талкууланды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук угууга катышкан депутаты Өмүрбек Текебаев мажоритардык шайлоо трайбализмди күчөтүп, шайлоочулардын жердешчилик сезимин козгой тургандыгын, ал болочок парламенттин ишине таасир тийгизээрин билдирген. Ө. Текебаевдин пикири боюнча саясий партия өкүлдөрүн партиялык тизме менен шайлоо нормасын Шайлоо Кодексине киргизүү зарыл.

XS
SM
MD
LG