Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

“Өнөгөсүз өпкө оорусу” деп аталган илдеттин курмандыктары өсүп жатат


Андан апат болгондордун саны 75ке жетти. Илдетке чалдыккандар 1800 кишиден ашты. Медицинада белгисиз бул оору өзгөчө түштүк Кытайда кеңири жайылды. Ушундан улам бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюму атайын кайрылуу жасап, Кытайдын Гуандун провинциясы менен Гонконгго, жалпы эле түштүк-чыгыш Азия өлкөлөрүнө баргандан сактандырды. Кытай бийликтери көпкө чейин көшөрүп отуруп, акыры бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эксперт-дарыгерлерине Гуандун провинциясына келип, иликтөө иштерин жүргүзгөнгө уруксат берди. Кошмо Штаттары, бир катар Батыш өлкөлөрү Кытайдан жана Гонконгдон өздөрүнүн дипломаттарын чыгарып кеткени жатышат.

XS
SM
MD
LG