Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Майлысуудагы уран калдыктарынын маселеси эл аралык конференцияда талкууланат


БИШКЕК. Апрель айынынын 16сынан 18ине чейин Бишкекте Майлысуу шаарынын айланасына көмүлгөн уран калдыктарын зыянсыздандыруу маселесине арналган эл аралык конференция болот. Кыргызстандын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынган маалыматка караганда, ал Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун көмөгү менен өткөрүлөт. Ага Орусиянын, коңшу мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылат. Конференцияда шаардын айланасына көмүлгөн жайларды зыянсыздандырып, кайра көмүү же коопсуз жерлерге көчүрүү маселеси талкууланат. Майлысуу шаарынын жанына 1964-жылдан тартып жалпы көлөмү 2 миллион куб метрди түзгөн уран калдыгы 23 көмдүрмөгө жана 13 дөңсөө жерге көмүлгөн. Жаан суусу үстүн жууп кеткен № 3, 5, 6, 7 көмдүрмөлөрү 1992-жылдан бери жарылуу коркунучун жаратууда. Адистердин баамында, аталган көмдүрмөлөр жарылып кетсе уран калдыгы Майлысуу суусуна кошулуп агып, бүткүл регионду экологиялык алааматка дуушар кылат.

XS
SM
MD
LG