БИШКЕК. Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл АКШ Конгрессине 31-мартта сунуштаган «Дүйнөдөгү мамлекеттердин адам укуктар жаатындагы 2002-жылдагы практикасы» деген докладында Кыргызстанды «массалык маалымат каражаттарына кысым көрсөтүп, жергиликтүү шайлоодо мыйзам бузууга барды» деп сындаган. Мындай маалыматты бүгүн «АКИ-пресс» агенттиги таратты. Ал маалыматка караганда, АКШ дүйнөдөгү 196 мамлекеттеги сөз, басма сөз, дин тутуу эркиндигин, аялдардын, балдардын абалы менен жумушчулардын укугун жана адам аткезчилигин иликтөөгө алган. Анда К.Пауэлл «Кыргызстанда 2002-жылдын октябрь айында болгон жергиликтүү шайлоодо бир адамдын добушу бир нече жолу пайдаланылды, мамлекеттик басмалар оппозициячыл гезиттерди басуудан баш тартып, мамлекеттик кызматкерлердин арызы боюнча журналисттер соттолду» деп белгилеп, бейөкмөт уюмдар менен саясий партияларга да басым көрсөтүлөөрүн жарыя кылган. Ошону менен катар эле Кошмо Штаттар Кыргызстандын адам аткезчилигине каршы күрөшүүчү мыйзамдарды күчөтүп жаткандыгын кубаттаган.