Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

УЛУТТАР УЮМУ ИРАККА ГУМЖАРДАМ БЕРЕТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Улуттар Уюмунун эксперттери Иракта түзүлгөн гуманитардык жагдай "мунайга –азык түлүк айырбаштоо" программасын ыкчамдатууга мажбур кылып жатканын айтышат. Өлкөнүн калкы иче турган суунун жетишсиздигинен жана электр энергиясынын жоктугунан жабыркоодо.

Ушул жумада Ирактын түштүгүндөгү Умм Каср портуна гуманитардык жүк жүктөлгөн алгачкы кеме кирди. Өткөн аптада болсо Ирактын Кувейт менен чектеш чөлкөмүнө Кувейттин Кызыл Чырымынын машинелери азык-түлүк алып келишти. Улуттар Уюмунун эксперттери калктын мурдатан камдап алган азык-түлүгү түгөнө электигин, бирок болжолу менен май айынын ортосунда калктын кампалары какшыганда азык түлүккө болгон муктаждык бир нече эсеге көбөйө турганын экертүүдө.

Уюмдун көз карашында ирактыктарга жардам берүүнүн эң натыйжалуу жолу "мунайга азык-түлүк айырбаштоо " программасы. Он жыл бою 16 миллион ирактык жаранды багып келген бул программа согуш башталганда токтоп калган эле. Өткөн жума күнү ал Бириккен Улуттардын чечими менен кайрадан күчүнө киргизилди. Улуттар Уюму 10 жылдан бери калыптанып, кынтыксыз иштеген бул программа өлкөнү гуманитардык алааматтан сактап калуунун жалгыз таасирдүү жолу экенин айтып жатат. Программанын жооптуу кызматкери Филип Ворд мындай дейт:

- Буга чейин калыптанган система,- бүткүл элди тамактандыруунун жалгыз эффективдүү жолу болуп турат. Азыр өлкөдө андан башка жакшы калыптанган система жок. Калкка гумжардам берүүдө кайрадан ошол программага кайрылганыбыздын негизги себеби мына ушунда.

Согушка чейин "мунайга азык түлүк айырбаштоо" программасынын орчундуу бөлүгүн Ирактын өкмөтү ишке ашырчу. Ал азык-түлүк, дары – дармек жана башка товарларды жеткирүүчү чет элдик компаниялар менен бирдикте иш жүргүзүп, өлкөгө кайсы товарлар канчалык көлөмдө керек экенин эсептеп, аныктачу. Ирак өкмөтү аткарып келген иш азыр Улуттар Уюмуна жүктөлүүдө. Маселенин татаалдыгы мына ошондо болуп жатат, дешет уюмдун эксперттери.

Улуттар Уюму баары болуп 40 мамлекеттин 450 фирмасы Иракка товар сатууга жана аларды жеткирүүгө тартылганын билдирет. Ворд мырза учурда уюмдун гуманитардык агенттиктери программага катышкан фирмалар менен байланышып, согуш болуп жаткан өлкөгө ыкчам гуманитардык жардам берүү маселесин талкуулап, гумжардамды тез арада жана аман-эсен жеткирүү жолдорун иштеп чыгып жатышканын айтат. Иш күн-түн дебей жүргүзүлүүдө. Бирок согуш басыла элек өлкөгө жардам берүү үчүн жеке коопсуздугун тобокелге салууга макул боло турган фирмалардын так тизмеси түзүлө элек.

"Мунайга азык-түлүк айырбаштоо" программасы кайра калыбына келгенге чейинки убакыттын аралыгында өлкөгө ыкчам гумжардам берүү үчүн Улуттар Уюму 2 миллион долларлык гумжардам программасын ишке ашырууну сунуш кылды. Бул сумманын 800 миллиону топтолду десек болот. Программанын ири бөлүгүн АКШ менен Британия көтөрмөк болуп жатышат. Өткөн аптанын жума күнү болгон жыйынында Коопсуздук кеңеши Ирактагы гуманитардык абалдын жоопкерчилигин толугу менен АКШ менен Британияга жүктөгөнүн айта кетүү абзел. Улуттар Уюму Иракка согуш ачкан бул эки өлкө калкка гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн тийешелүү шарт түзүп берүүгө милдеттүү экенин баса белгилейт.

Ошону менен катар Бириккен Улуттар Уюму кайрымдуулук уюмдарынын кызматкерлеринин коопсуздугун кепилдөө - эң орчундуу маселе болуп жатканын кайталайт. Уюм гумжардам оккупациялык аскерлер аркылуу эмес, уюмдун өзүнүн кызматкерлери менен жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын, Кызыл Чырым жана Кызыл Жарым Айдын жардамы менен таратыла тургандыгын кайталоодо.

Азырынча Иракка ири көлөмдө жардам берүү мүмкүн болбой жатат. Ирактын Умм Каср портун миналардан тазалап бүтүп калышты. Портко азырынча гумжардам жүктөлгөн бир эле кеме кирди.
Ошондой эле Улуттар Уюму гуманитардык жүктү кургактыктагы жолдор аркылуу ташууну караштырып жатат. Гумжардамды ташып бере турган фирмалар да четтен чыкчудай. Бирок мында да уюм гумжардамды коштоп бара турган жана аны тарата турган кызматкерлеринин коопсуздугуна камтама болуп, аялдап турат. Эксперттер Иракка толук масштабдуу гуманитардык жардам берүү согуш басылгандан кийин гана мүмкүн боло тургандыгын айтышат.

XS
SM
MD
LG