Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:09

Европа өлкөлөрү Ирактын согуштан кийинки тагдырына карата көз карашын билдирүүдө


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Саддам Хусейн бийликтен кулагандан кийин Иракты Америка, же Британия эмес, ирак эли өзү башкарышы керек деп белгиледи. Бул жагдайга Блэр шаршембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө басым жасады. Италия өкмөтү Бириккен улуттар уюмун Ирак кризисиндеги ролун жандантууга, ал эми Европа Биримдигин согуштан кийин Иракты саясий жана экономикалык жактан кайра курууга активдүү катышууга үндөдү. Римди коштой, Грециянын премьер-министри Костас Симитис согуштан кийин Иракта АКШ-Британия үстөмдүгү орносо, чөлкөмдө жаңы тирешүүлөр келип чыгаарын эскертти. Германия болсо, дагы бир ирет Ирактагы согуш бүткүл Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга залакасын тийгизет, деп кайталады.

XS
SM
MD
LG