Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Кыргызстандын төрт жаранына Интеллектуалдык Менчик боюнча Дүйнөлүк Уюмдун сыйлыгы берилет


БИШКЕК. 2003-жылы төрт кыргызстандык жаранга илимий, чыгармачылык эмгеги жана ойлоп табуучулук шыгы үчүн Интеллектуалдык Менчик боюча Дүйнөлүк Уюмдун алтын медалы тапшырылат. Мындай жогорку сыйлыкка талапкерлер өкмөттүн алдындагы Илим жана интеллектуалдык менчик агенттиги уюштурган комиссия тарабынан конкурстук негизде тандалып алынды. Агенттиктен алынган бүгүн маалыматка караганда, мындай эл аралык сыйлык жазуучу Чыңгыз Айтматовго, окумуштуу Үсөн Асановго, химия илими боюнча эмгеги үчүн Зина Ашубаевага жана жаш ойлоп табуучу Элнура Худайбергеновага берилет. Сыйлык тапшыруу аземи 26-апрель - Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик күнүнө карата Кыргызстанда өткөрүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG