Калкы 210 миңден ашкан Талас өрөөнүндө электр жарыгын тез-тез өчүрүп салуу өнөкөтү күчөп атыры. Ансыз жылуулук да жок. Жашоо турмушу тыңыраак кожолуктар көмүр, газ баллондорун сатып алышат. Эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгынын маалыматына карганда, облустагы 40 миңден ашуун үй-бүлөнүн 47 пайыздан көбүрөөгү жакыр турмушта жашайт.
Көпчүлүк элдин ишенгени - электр энергиясы. Күн жылымдай баштаганы энергетиктер элден электр энергия акысын алуунун ушундай опурталдуу ыкмасына өтүштү. Кээде айылды толугу менен, кээде трансформатор подстанцияларды кезектештирип бир нече күн же жумалап өчүрүп коюшат. Мындай ыкманы Талас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына дагы колдонуп жатышат. Эмгек ардагери Асан Акматовдун «Азаттыкка» айтканына караганда, 70 үй-бүлө жашаган ошондой 5 кабаттуу үйлөрдүн биринин жашоочулары Түндүк электр акционердик коомунун Талас бөлүмүнүн мындай ыкмасына нааразы: «Эмне кылабыз, болгон акчабыз ошол. Бир айдан кийин төрт күн өчүргүлө. Төрт күн ичинде жыйнап кетесиң акчаны. Айлык акы болбосо кайдан төлөйт элдер. Ошону ойлош керек. Болсо болгонунун баарын бере бербейт белек»,- дейт жарыгы жок отурган таластыктар.
«Контракт түзүп атабыз азыр. 70 пайыз карыз бар. Өчүргөнгө акыбыз бар. Контракка өзүңөр макул болуп колуңарды койгонсуңар. Ошону аткаргыла. Биз да аткарып беребиз»,- дешет энергетиктер.
«Менин бир тыйыным жок төлөгөнгө. Мисалы, 2 сом болсо деле карыз деп айтып атасыңар. Кыргызстанда айлык акы 400-500 сом. Ошол нанга жетпейт, кантип анан төлөйбүз»,- дейт таластык тургун.
Калктын электр энергиясына акы төлөө мүмкүнчүлүгү төмөн экендиги айкын. Талас облусу пайдаланган электр энергиясы үчүн март айын кошпогондо 174 млн. 833 миң сом карыз. Мунун 153 млн.727 миң сому элдики. Ар бир жан башына эсептегенде, жалаң электр энергиясы менен күн көрүп жаткан Талас облусу республика боюнча карызы көптүгү жагынан алдыңкы орундардын биринде. Ал эми чыдамы кеткен шаар жашоочулары оронуп-чулганган бала-чакалары менен облустук администрацияга нааразычылык акциясына чыга башташканда, айласы кеткен энергетиктер кайрадан жарыкты күйгүзүп беришти.