Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Нарын облусунда Кореянын маданий борбору ачылат


НАРЫН. Нарын мамлекеттик университети менен Корея мамлекетинин Бишкектеги «Ханнон» маданий борбору Нарын шаарында Корея маданий борборун ачуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. «Ханнон» маданий борборунун директору Имсок Хо мырзадан бүгүн алынган маалымат боюнча, Корея маданий борбору Нарын мамлекеттик университетинин алдында ачылып, нарындык жаштарга жана студенттерге Корея мамлекети жана жалпы эле Чыгыш Азияда жайгашкан мамлекеттер тууралуу маалыматтарды берип, алар үчүн маданий иш-чараларды уюштуруп турат. Маданий борбору мындан сырткары жергиликтүү дыйкандарга жана айыл чарба адистерине жогорку сорттогу мөмө- жемиштерди Нарындын табигый шарттарында айдап, өстүрүүгө көмөк көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG