Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

БАЙГЕЛҮҮ ЫРЧЫ ГҮЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА МЕНЕН БААРЛАШУУ


Аманбек Дилденбай, Бишкек Белгилүү эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева 2002-жылы “Жалaлабат азем түндөрү” жана “Ысыккөл кадыр түндөрү” аттуу эларалык фестивалда баш байгеге коюлган “Ваз-21010” жеңил автомашинасын утуп алган.

Эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаева ыр ышкыбоздоруна Шүкүрбек Бейшеналиевдин “Күлүп кой” аттуу ырынын сөзүнө жазылган Туйумкан Илебаеванын обону аркылуу таанылды. Ал Аксынын Кербен айлындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуп жүргөндө эле ыр-күүгө жакын болуп өсөт. Көркөм өнөрдү кесип кылып танадап алуусуна ата-энеси каршы болот.

«Кичинекей кезимде ырдай берчүмүн. Кийин искусство институтуна же театр окуу жайына тапшырайын десем, ата-энем каршы болуп коюшкан. «Атаңдай врач бол же мендей мугалим бол», деп апам көшөрүп болбой койгон. Анан экөө тең капа болбосун деп политехникалык институтка тапшырып окуп калдым», дейт ырчы кыз.

- Гүлнара, сиз политехникалык институтту бүтүрүп «Курулуш-экономисти» деген кесипке ээ болуптурсуз. Анан ошол экономистик кесипте иштедиңизби?

- Жок, биз окууну бүтүрүп жаткан мезгилде Советтер Союзу таркап кетип, ар кимиң өзүңөр жумуш таап иштегиле дешти. Мен автожол жеке менчик фирмасында бир жылча иштеп, анан кетип калдым. Кудай таала берген ырчылык жөндөм, шык жаныма тынчтык бербей, тез эле эстрада ырчыларына кошулуп кеттим.

- Гүлнара, чыгармачылык менен алектенген оңой бекен, же куруучу-экономист болуп иштеген оңойбу?

- Биз сахнада жалтырак көйнөк кийип, жылмайып жүрсөк көрүүчүлөргө биздин жашоо жеңил, кызыктуу көрүнөт болуш керек. Анткени жаш балдар-кыздар «ырчы болгубуз келет»,деп көп кайрылышат. Бирок медалдын эки жагы болгондой, сахнанын артындагы жашообуз такыр башка. Биздин да оор түйшүктөрүбүз көп.


Гүлнара башкаларга окшобогон сахнада жүрүү кыймыл-аракети, көрүүчүлөгө карата жасаган ийкемдүү мамилеси менен өзгөчөлөнүп турат. Анын ыр ышкыбоздору мындайча ой-пикирлерин билдирди:

- Гүлнара эженин ырдоо манерасы башка ырчыларга окшобойт. Ал сахнада өзүн музыканын ритмине жараша ийкемдүү алып жүрөт. Анан ал ырдап жатканда дайыма жылмайып, мээримдүүү жүзү менен кишини өзүнө тартып алат. Кээ бир ырчылар бир ордунда туруп алып эле, музыкага коошпогон кыймылдарды жасай берет го. Ал эми Гүлнара эже антпейт. Ал сахнада өзүн жеңил алып жүрөт, - дейт студентка Наргиза.

Жоомарт аттуу жигиттин ой-пикири мындай:

- Көп эле эстрада ырчыларын угуп-көрүп жүрөбүз го. Кээ бирөө анча-мынча үнү бар болсо деле ырдай берет. Кээ бирөө ырларды аткара алабы, аткара албайбы иши жок, өзүнүн үнүнө жараша тандабай эле ырдай беришет. Ал эми Гүлнара Тойгонбаеванын аткарган ырларын угуп көрсөң, өзүнчө бийик үнү бар. Анан, ырдаганда берилип жүрөгү менен ырдайт деп ойлойм.

Гүлнаранын ырчылык жөндөмү студент кезинде эле калыптанган. Студенттик аваздык ансамблде орус, испан, кыргыз тилдериндеги ырларды ырдап, Союз учурунда көптөгөн шаарларды кыдырып чыгармачылык сапарда болгон. Гүлнара Тойгонбаева чыгармачылыктан бош убактысында жарнаама роликтерге тартылып, көркөм адабиятты окууну жактырат.
XS
SM
MD
LG