Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:58

Нарын облусунда болгон трагедиянын курмандыктары ким экени эртең жарыяланат


БИШКЕК. «27-марттын таңында Бишкек-Торугарт жолунда өлтүрүлгөн 21 адамдын ким экендигин аныктоо иши аяктаганы калды жана алардын аты-жөнү дүйшөмбү күнү жарыяланат», деп билдирди бүгүн трагедияны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы, вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев. Анын айтымында, күйүп калган сөөктөрдүн кимге таандык болгонун аныктоого жана кылмыштын бетин ачууга көмөктөшкөнү келген кытай адистери азыр Бишкекте иштеп жатышат.
Мурда маалымдалгандай, 27-марттын таңында Бишкектен Кашкарды карай кытай жарандарын алып бараткан автобус Нарын облусунун Сарыбулак деген жеринде токтотулуп, анын ичиндеги жүргүнчүлөр мыкаачылык менен өлтүрүлүп, өрттөлүп жиберилген. Тартип коргоо органдары автобустан 21 бир адамдын сөөгүн тапкан. Алар бул кылмыш кытайлык жарандардын көп суммадагы акчасын алыш үчүн жасалган деп болжошууда.

XS
SM
MD
LG