ОШ. № 30-Карасуу шайлоо округу боюнча Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттыгына талапкерлер көбөйүүдө. Бүгүн округдук шайлоо комиссиясынан алынган маалымат боюнча, депутаттыкка дагы 3 кишинин талапкерлиги көрсөтүлүп, документтери тийиштүү органдар тарабынан текшерилүүдө. Алар - Эл аралык демократиялык кызматташуу борборунун директору Таалайбек Сабиров, Мамлекеттик бажы инспекциясынын алдындагы бажыкана күзөт башкармасынын башчысынын орун басары Муратбек Малабаев жана Оштогу «Көрктөндүрүү» коомдук бирикмесинин президенти Төлөн Калбаев. Округдук шайлоо комиссиясы, талаш-тартыш жагдайлар чыкпаса, талапкерлерди 9-апрелде каттоого алууну көздөп турат. Буга чейин депутатыкка талапкер болуп Карасуу районунун акими Адам Закиров гана катталган.