Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

САДДАМ КАТКАН АКЧА КАЯКТА?


АКШлык аскерлер борбор калаа Багдаддын ичинде согушуп жатканда, Ирактын төбөлдөрү, өзгөчө президент Саддам Хусейндин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлкөдөн тыш жактарда жаап-жашырган байлыктарын издөө улантылууда. Эксперттердин эсеби боюнча, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жашырылган Саддамдын үй-бүлөсүнө таандык акчанын суммасы 7-10 миллиард доллардын ортосунда болот.

Саддам Хусейн жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тыш өлкөлөрдө жашырган акчалардан өз үлүшүн кайтарып алууну көздөгөн тараптардын тизмеси узун. АКШнын финансы министрлигинин маалыматы боюнча, Ирак 1990-жылы Кувейтке басып киргенден алдын, Багдад тыш өлкөлөрдөн: батышта Франциядан тартып, чыгышта - Түштүк Кореяга чейин - 100 миллиард доллардан көп карыз алган.

Саддам бекиткен байлыкты табуу Кошмо Штаттары үчүн өтө маанилүү. Буштун администрациясы Саддам чет өлкөлөргө каткан акчаларды жана 1990-жылдан кийин АКШда камакка алынган Иракка таандык 1,7 миллиард долларды, “Англия банкында” жылдырылбай турган 648 миллион долларды Иракты кайра курууга пайдаланмакчы.

Америкалык ырасмий жана бейөкмөттүк эксперттердин эсебине караганда, Европа жана Жакынкы Чыгышта кеминде 7 миллиард, көбү 10 миллиард доллар жашырылган.

Абройлуу “Business Week” журналынын маалымдашынча, 20-марттан кийин эле Саддамдын мурда белгисиз эсебинен 1 миллиарддан көп доллар табылган.

Согуштан улам өз ара мамилелери бир кыйла осолдоп калган АКШ, Европа жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн бул акчаларды табуу, аларды пайдалануу боюнча бир мунасага келиши оңой иш эмес.

Саддамдын байлык булагы “беш колдой маалым”. Улуттар Уюмунун санкциясына карабай, Ирак режими Сирия, Түркия жана Перс булуңу аркылуу тышкы базарга мунай сатып, акчасына тамеки жана адеми буюмдарды ташып келип сатышкан. Саддам БУУнун “Мунай ордуна азыктүлүк” программасын да байуу үчүн пайдаланган.

АКШнын эсеп-китеп боюнча башкы кеңсеси менен адам укугун коргоочу Эл аралык юристтер коалициясынын ырасташынча, Багдад программа чегинде сатылган эки баррель мунайдан 60 центтен 1 долларга чейин “кол акы” алып турган. Мыйзамсыз операцияны Саддамдын тун уулу Удай жетектеп-көзөмөлдөгөн. БУУнун программасынын алкагында, Ирак жылына тышкы базарга 2,6 миллиард долларга мунай саткан.

Саддам Батыш компанияларынын баалуу кагаздарын 1980-жылдардан баштап сатып ала баштаган. Франциянын “Hachete“ компаниясынын тастыкташынча, Саддамга холдингдин акциясынын 8,4 проценти же 90 миллион доллар таандык. Бул акча 1990-жылы камакка алынган.

Азыр Лондондо жашап жаткан Ирактык мурдакы банкирдин айтымында, Саддам жана Удай элден уурдалган жана пара катары алган акчаларын Иордания, Мисир жана Ливандын банктарына салдырышкан. Жашыруун операцияны өкмөттүк “Рафидейн” банкы жетектеп, Иордания, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана башка Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырган.

Швейцария, эгерде АКШ сотунун өкүмү чыгарылса эле өз банктарындагы шектүү эсептерди камакка алууга даяр экенин билдирген.
Вашингтон “Рафидейн” банкынын чет өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүн жабууну суранган. Өтүнүчтү азырынча Британия гана аткарды.

Америкалыктар Ирак акчаларды кандай жолдор менен тыш жактарга чыгарып кеткенин, Багдад толук ээленгенден кийин банктардын жана өкмөттүн иш документтеринен билебиз деген үмүттө.
Ирактын улуттук банкынын төрагасы Азам Рашид Хашим Кошмо Штаттарынын Ирактын эсебиндеги акчаларга ээ чыгуусун “каракчылык” деп атаган. АКШнын мыйзамдары өлкө президентине уруш учурунда душмандын мүлк-дөөлөтүн камакка алууга уруксат берет.

Кошмо Штаттарынын финансы министрлиги Ирактын эсеби боюнча күтүлгөн талашты жөндөө жана ал акчаларды Ирактын жаңы өкмөтүнө берүү маселесин Улуттар Уюму же Эл аралык эсептер банкы аркылуу жөнгө салмакчы болууда.

XS
SM
MD
LG