Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

ИНФЛЯЦИЯ 4-5 ПАЙЫЗДАН АШПАЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбанов бейшемби күнү журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрүп, инфляция быйыл жылдагыдан жогору болгонун кабарлады. Анын айтымында, жакында киргизилген эки салык инфляциянын дагы бир аз өсүшүнө түрткү болот. Бирок анын бир жылдык деңгээли жыл башында белгиленген 4-5%дан ашпайт.

Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында инфляция 2%ды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу жогору болду. Былтыр ал ушул мезгилде 1,1% түзгөн болчу. Улан Сарбанов быйыл инфляциянын бир аз өсүшү өткөн жылдын акыркы кварталында жана үстүбүздөгү жылдын январь айында бюджеттин тартыштыгынын өсүп кетиши менен байланыштуу деп түшүндүрдү. Бирок ал буга карабай инфляциянын жылдык өлчөмү мурда пландаштырган чектен чыкпай турганын белгиледи:

- Инфляциянын 1 жылдык темпи акыркы 12 ай ичинде 3,1% түздү. Ал биз милдеттенген 4-5%дын чегинен чыккан жок.

Улуттук Банктын төрагасы жакында киргизилген эки салык инфляцияны дагы бир аз көбөйтөөрүн белгиледи. Анын айтымында, кыймылсыз мүлккө салыктын киргизилишинен ал болгону 0,1- 0,2% гана өсөт. Ал эми айыл чарба продукциясына киргизилген кошумча нарк салыгы болсо баага бир топ таасир бериши мүмкүн.

- Ал биринчи кезекте тамак–аш өңдүү керектөө корзинасына кирген негизги товарлардын баасына таасир берет. Биздин эсеп боюнча ал салыктын киргизилишинен баалардын жалпы деңгээли 1,5-2% жогорулайт. Албетте, жашылча-жемиштин, эт менен сүттүн, алардан жасалган продуктулардын баалары көбүрөөк өсөт, - деди Улан Сарбанов. Бирок ал булардын баалары канчага өсөөрүн тактаган жок.

Улан Сарбанов сомдун курсу туруктуу болуп, пайыздык үстөк төмөндөп жатканын айтты. «Сомдун реалдуу курсунун өсүшү атамекендик товар өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн төмөндөтөт» деген сын пикирди ал негизсиз деп четке какты. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 2 айында экспорт 10% өсүп, ал эми импорт болсо 11 %ке азайып, өлкөнүн соода балансы жакшырып баратканы байкалат.

Баш банкир «Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө мыйзамга» Жогорку Кеңеш жакында киргизген өзгөртүүлөрдү да чечмелеп берди.

- Бул өзгөртүүлөр эмнеге багытталган? Алар биринчи кезекте банктардын жетекчилеринин жана акционерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу корпорациялык башкаруунун принцибин өркүндөтүүгө жана банктарга көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган. Жалпысынан бул коомчулукка эмне берет? Эмне үчүн алар маанилүү? Анткени алар банк секторунун туруктуулугунун жогорулашына, ички жана тышкы инвесторлордун банктарга ишеним артышына мыйзамдык база түзөт, - деди Улан Сарбанов.

Жаңы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык эми оффшордук зоналарда катталган жана алар менен байланышы бар ишканалар менен адамдар банктардын акционерлери боло алышпайт. Банктардын директорлор кеңешине акционер болбогон көз карандысыз бирден мүчө киргизилет. Анын башка мүчөлөрүнө жана акционерлерге айрым кесиптик талаптар коюлат. Банктарда «аудит боюнча комитет» түзүлөт. Банктар өз кардарлары үчүн толук маалымат берүүгө милдеттүү болушат. Банктарда иштегендерге жана алардын акционерлерине жеңилдетилген шартта кредит берүүгө тыюу салынат.

Кийинки учурда жасалма акча жасап тараткан бир кылмыштуу топ колго түшкөнү маалым. Улуттук Банктын маалыматы боюнча 2000-жылдын башынан тартып ушу кезге чейин 703 жасалма акча кармалган. Анын 316и Бишкектен, 284ү Ысыккөл облусунан колго түшкөн. Улан Сарбановдун айтымында, жасалма акча жасоо кийинки жылдары азайып барат. 2000-жылы - 397, 2001-жылы - 147, 2002-жылы - 124, 2003-жылдын 1-кварталында 35 жасалма акча жүгүртүүгө түшкөндүгү катталган. Өлкөнүн баш банкири «мындай көлөмдөгү жасалма акча экономикага коопсуздук туудурбайт» деди. Бирок Улуттук Банк бул багытта Ички иштер министрлиги менен бирге тыгыз иш жүргүзүп жатат.

XS
SM
MD
LG