Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

ОРУН АЛМАШТЫРГАН КАДРЛАР, АБИЙИРДҮҮ ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН УЛУТТУК КЕҢЕШИ


Кыргыз президентинин кадр саясаты, Абийирдүү жетекчилердин улуттук кеңеши, жаштардын атуулдук кыймылы кыргыз басылмаларында кызуу талкууланууда.

Орус агайындар айтмакчы, “айтылды - жасалды”. Бүгүн Ынсаптуу башкаруучулардын улуттук кеңеши түзүлдү. Бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити Ынсаптуу жетекчилердин улуттук кеңешине кимдер киргенин жарыя кылды. Кеңештин башчысы - ушу тапта кыргыз өкмөтүн жетектеп аткан Николай Танаев. Анын орун басарлары – вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен президенттик администрациянын коргонуу жана коосуздук бөлүм башчысы Болот Жанузаков. Андан тышкары өкмөт менен парламенттен, ишкер чөйрөдөн 12 адам улуттук комиссияга мүчө болуп киришкен.

Жакындан бери кыргыз өкмөтү менен президенттик акимчиликтин абройлуу кызматкерлери калк арасында реформа маселелерин түшүндүрүү иштерине киришти. “Слово Кыргызстана” гезитинин кабарчысы Анара Солтоева өкмөт башчынын орун басары Жоомарт Оторбаевдин И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин студенттерине окуган дарсынын баяндамасын жарыя кылды. Ж.Оторбаевдин айтымында, социализм доорунда Кыргызстан чоң борбордон 1 миллиард доллар өлчөмүндө жардам акча, азыркы тил менен айтканда, оголе көп жардам алып турган. “Эгер биз жакшы жашагыбыз келсе чет элдик инвесторлорго жана жергиликтүү ишкерлерге жагымдуу шарт түзүп беришибиз керек, - дейт Жоомарт Оторбаев. - Алар эрикпегендин баарынын текшере беришинен оолак болушу керек”. Өкмөт башчынын орун басарынын пикири боюнча, республикадагы көпчүлүк адамдар мурунку социализм доорундагы жашоону жакшы көрүшөт. Учурда Кыргызстан үчүн, Оторбаевдин пикиринде, мамлекеттик башкаруу менен базар-нарк мамилелеринин ортосундагы маселе принципиалдуу мааниге ээ болууда. “Баарын мамлекет тескейт” деген жаңылыш түшүнүк ишкерлердин өлкөдөн аз-аздан кетишин тездетиши мүмкүн.

Ушул эле гезитте өлкөдөгү эң ири Эсеп-аманат компаниясы атына көчкөн банктын мамлекеттин карамагына өтүшүнө арналган Галина Луневанын макаласы жарыяланды. Республиканын бардык аймагына канаты жайылган кубаттуу банктын акцияларынын контролдук пакетинин кыргыз өкмөтүнө өтүшү ушул жылдын март айынын аягында расмий деңгээлде тастыкталды. Бишкектеги борбордук дүр-дүйнө “Айчүрөк” дүкөнү казакстандык ишкерлердин колуна өткөнү Александр Никсдорфтун «ЦУМдун жаңы кожоюндары» деген макаласында кеп болот. Борбор шаардын ортосундагы өтүмдүү чоң дүкөн башында италиялык ишкерлердин колуна тийген.

Бейшембидеги “Республика” гезитинде Кыргызстан коммунисттеринин башчысы Абсамат Масалиевдин “Саясат ыплас эмес, көп учурда саясатты түз, таза жүргүзбөгөндөр ыплас кишилер” деген маеги жарыяланды. А.Масалиевдин оюнча, азыркы кыргыз бийлиги элден алыстап, көпчүлүк камын ойлобой калган. “Мамлекет башкаруу, беш миллион элдин тагдырына жооп берүү - бул трибунага чыгып алып, улам эле «демократия» деп реалдуу турмушка туура келбеген сөздөрдү айта берүү эмес, - дейт 70 жашка чыкканын белгилеп аткан саясий ишмер. - Мамлекет башкаруу деген бул – мамлекет башчысынын айткан сөзү менен жасаган ишинин айкалышы. Мамлекет башкаруу аны-муну сүйлөп, башкаларды күнөөлөп, өзү эч кемчиликке жооп бербей жүрө берүү эмес”.

Кыргызстандагы саясий жагдай тууралуу парламент депутаты Дүйшөн Чотонов ой бөлүшкөн. Анын оюнча, өз мамлекетине күйгөн адам Үзөңгүкуушту кытайларга берип, калкына катаал катаал мамиле жасабайт.

Кыргыз герби менен мамлекеттик желеги өлкөнүн расмий табериктери экендиги бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезитиндеги Эльза Кимдин макаласында баяндалат. Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттери 9-апрелде Алатоо аянтында мамлекеттик желекти көтөрүү зыяратына катышты. Ирактагы согушту айыптагандардын саны 17 миңден ашканын ушул эле гезитте Асел Оторбаева маалымдады.

Жума күнү жарыкка чыгуучу “Агым” гезитинде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин “Пендеден да, Кудайдан да коркпогон кишилер пайда болду” деген аталыштагы маеги, Абдувахаб Мониевдин “Кыргызбай, сен кай элденсиң?» макаласы басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG