БИШКЕК. Бишкек шаар мэриясынын маалымат кызматынын ишембиде билдиргенине караганда, июнь айына чейин Бишкек шаарынын эскирген 11 километр кара жолу оңдолуп, асфальт төшөлөт. Кара жолдордун керектен чыккан бөлүктөрүн оңдош үчүн 2003-жылга карата шаар 14 миллион сом каражат бөлөөрүн жарыялаган. Ал эми карапайым шаардыктардын көпчүлүгү жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгүн бузулган жолдордун көптүгү менен байланыштырып, шаар бийлигинин бул маселеге жетиштүү көңүл бурбай жатканын сындап келишет.