Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

АКЫЙКАТЧЫЛАР ЖЫЙЫНЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ


10-11-апреле Чолпоната шаарында бир катар мамлекеттердин Омбудсмандарынын тегерек стол жыйыны өттү. Анда укук коргоочулар өз ишин уюштуруу боюнча тажрыйба алмашты. Тегерек столдун жыйынтыгында Омбудсмандар Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги үйүндө маалымат жыйынын өткөрүштү.

Бейшемби, жума күндөрү Чолпоната шаарындагы «тегерек стол» жыйынын Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы уюштурган. Ага 10го жакын мамлекеттин Омбудсмандары, же алардын орун басарлары, Бириккен Улуттар Уюмунун адистери катышты. «Тегерек столдо» укук коргоочулар өз иштерин кандайча натыйжалуу уюштуруу керектиги тууралуу тажрыйба алмашкан. Бул тууралуу ишемби күнкү маалымат жыйынында Кыргызстандын, Азербайжандын, Грузиянын, Словакиянын, Литванын Омбудсмандары маалымдашты.
Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу жыйында караган маселелер жөнүндө буларды билдирди:

- Эң негизгиси баарыбыз бир «тилде» сүйлөштүк. Адам укугун кандай коргош керек? Кандай кыйынчылыктар бар? Аны менен кандай күрөшүш керек? Бул тууралуу Азербайжандын, Грузиянын, Литванын өкүлдөрү өз тажрыйбаларын айтышты. Биз алардын тажрыйбасын колдонобуз. Өзгөчө мамлекеттик бийлик менен кандай алака түзүш керек, кандай мамиледе болушубуз керек деген жагын. Эң башкысы - бардык нерсе адам укугун коргоого багытталыш керек. Экинчиден, Чыгыш Европа менен Борбордук Азиядагы Омбудсмандардын бирикмесин түзүү жөнүндө сөз болду. Аны түзүүгө аракет кылып жатабыз.

КМШ мамлекеттеринин Омбудсмандарынын тажрыйба алмашуусу өзгөчө натыйжалуу болоорун Азербайжандын Омбудсманы Элмира Сулейманова мындайча түшүндүрдү:

- Биз үчүн эл аралык тажрыйба өтө баалуу, бирок аларды бизде пайдаланууга болбойт. Себеби, маселен Швецияны алсак, бул мамлекетте көптөн бери согуш болгон эмес, экономикасы өнүккөн. Алардын проблемасы биздикине окшобойт. Бизде СССР урагандан кийин жакырчылык, жумушсуздук күчөдү. Мындай шартта пайда болгон маселелерди чечүүдө биз өз ара тажрыйба алмашканыбыз натыйжалуу болот.

Ал эми Грузиянын Омбудсманы Рамаза Ломсадзе өз өлкөсүндөгү адам укуктарынын абалы жөнүндө маалымат берип жатып буларга токтолду:

- Адам укугу эки чоң топко бөлүнөт, жарандык-саясий жана социалдык-экономикалык-маданий укук болуп. Биздин мамлекеттерде адамдардын социалдык-экономикалык укуктары көп бузулууда. Пенсиялардын көлөмү аз, айлыктар минималдык керектөөнү камсыздоого жетпейт. Адамдын жашоого укугу бузулууда. Жарандардын да, өкмөттүн да милдети, укугу бар. Адамдын жашоого укугун камсыз кылууга өкмөттү мажбурлай турган ыкмаларды биз табууга тийишпиз.

Ал эми Литванын Омбудсманы Риманте Шалашевичютенин айтымында, ар бир адамдын укугун коргоо Омбудсмандын аброюнун өсүшүнө алып келет. Азербайжан Омбудсманынын айтымында, Омбудсман конструктивдүү позицияда болуп, бийлик менен кызматташа билүүгө тийиш. Ансыз ал өз милдетин толук аткара албайт. Ал эми Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчы бийлик менен элдин, бийлик менен оппозициянын ортомчусу болуп, ар кандай чатактарга жол бербөөгө аракеттениши керек дейт. Омбудсмандар Ысыккөлдөгү «тегерек стол» пайдалуу болгонун белгилешип, мындай жыйынды күз айларында Азербайжанда өткөрүүгө макулдашканын маалымдашты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG