Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:23

АКШнын президенти Ж.Буш Сирияга Ирактын жетекчилерине башпаанек бербөө жана Вашингтон менен кызматташуу зарылдыгын эскертти


Жорж Буш жекшембиде, кабарчылар менен болгон маегинде Сирия массалык кыргын салуучу куралдарга ээ экенин да жокко чыгарбады:
- Маселен, биз Сирияда химиялык куралдар бар деген ишенимдебиз. Ар бир кырдаал бөлөк-бөлөк мамилени талап кылат. Алгачкы нерсе биринчи болушу керек. Биз азыр Ирактабыз, ал эми Сириядан экинчи нерсени - кызматташтыкты күтөбүз. Мен кызматташтыкка ээ болобуз го деген үмүттөмүн.
Президент Ж.Буштан мурдараак АКШнын коргоо министри Дональд Рамсфелд Ирактын кээ бир жетекчилери Сириядан баш калканч таап жатканына ишеним билдирген эле.Ушул эле күнү бир катар маалымат каражаттары Ирактан Сирияга качып бара жаткан кезинде Саддам Хусейндин аталаш бир тууганы Ватбан Ибрахим туткундалганын кабарлашты. Ал Саддам Хусейндин кеңешчиси жана 90-жылдары өлкөнүн ички иштер министри болгон. Сириянын бийликтери Вашингтондун айыптоолорун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG