Иракта бүгүн эч кандай маанилүү салгылашуу болгон жок деп билдирди АКШлык аскерлер.
Генерал Винсент Брукс АКШлык аскерлердин Катардагы командалык борборунда жасаган билдирүүгө караганда, Ирактын мунай куурларындагы акыркы өрт өчүрүлдү, талап-тоноолор азайды, коалициялык күчтөр азыр Ирактын согуштан кийинки өкмөтүн түзүүгө жардамдашууга көңүл бурууда:
- Коалициялык күчтөр жергиликтүү өкмөттөрдү түзүүгө жардамдашуу үчүн бир катар аймактарда лидерликке жарачу адамдар жана диний жетекчилер менен тыгыз кызматташууда.
Командалык борбордун өкүлү, майор Рами Нельсон-Гриин болсо аскерлер “стабилдештирүү операциясына жакын калды”, бирок “бизге зыян келтирүүнү көздөгөн адамдар тараптан коркунуч дале бар” деп билдирди.