Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Эркин гезиттин апелляциялык арызы каралат


БИШКЕК. 28-апрелде Бишкек шаардык соту «Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызын карай баштайт. Бул тууралуу бүгүн гезиттин башкы редактору Бекен Назаралиев маалымдады. «Кыргыз ордо» гезитинин мүлкүн камакка алуу жөнүндөгү чечимди Биринчи Май райондук соту 15-январда Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин арызынын негизинде чыгарган. Бирок редакция райондук соттун чечимине нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Биринчи Май райондук сотунун чечиминен кийин «Кыргыз ордо» гезити чыкпай калып, акыркы кезде «Республика» гезитинин алдында чыга баштады.

XS
SM
MD
LG