Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

АЛДАНГАН АДАМДАР, САЛЫКТЫ АЗ ТӨЛӨГӨН БАЙЛАР, «КАЗАКГЕЙТТИН» ЧОО-ЖАЙЫ


Аты улук фирманын алдамчылары энөө элди кантип алдашканы, салыкты абдан аз төлөгөн байлардын сараңдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы өңдүү окуялар кыргыз басылмаларында кандай баяндалып жатат?

Коррупцияны кантип ооздуктоо амалын узакка кеп кылып отуруп алган “Ак Үй” чоң социалдык жарылууну байкабай калат шекилдүү, - деп шейшембидеги “Моя столица” гезити сестүү эскертүүсүн жарыя кылганча “World Enterprise company Ltd” миңдеген бишкектиктерди таламандын так түшүндө алдап кеткени ачыкка чыгып калды. Жакыр калкты алдоодон оңой эч нерсе жок экен, аз убакыт ичинде миңдеген бишкектиктерди арзан баа шуру мончоктор менен алдаган жалган фирма башында жакшы акча төлөп, аягында оңбогондой көп акчаны алдап алып изин жашырды. Алеки саатта көп акчалуу болууну каалаган жөн-жай пенденин маанайын байкаган шылуун ишкерлердин шыпылдаган аракетинен шек санабаган элди айт. Качан миңдеген доллар акчасын алдатышканын билгенден кийин ачуусу келген кишилер “компания убактылуу ээлеп турган офисти талкалап, ичиндеги эмеректерин талап” кетишкенин “Моя столица” гезити жазды.

Ушул эле басылмада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен мурунку өкмөт башчы Нурлан Балгимбаев америкалык мунай компанияларынан кантип миллиондогон доллар пара алышканын баяндаган материалга да орун берилген. “Мыйзам иштебеген жерде паракорлук, коррупция гүлдөйт. Казак президентинин кеңешчиси Ж. Гиффендин камакка алынышы Н. Назарбаев менен Н. Балгимбаевдин кыңыр иштеринин ачыкка чыгышына шарт түздү” деп жазат гезит.

Кыргызстандын президенти Аскар Акаев ооз учунан көмүскө экономика менен коррупцияны сынга алганы менен, иш жүзүндө алардын чайлап-коолап өнүгүшүнө шарт түзүп жатканы Лариса Линин “Президенттин сөзү” деген макаласында баяндалган. Автордун маалымдашында, президент А. Акаев ушул жылдын 15-февралында кол койгон “Камсыздандыруу алымы тууралуу” мыйзамга ылайык Соцфондго төлөнчү салык 33% чыкты.
Кыргызстанда Орусиянын ири шаарларын курутуп келген шылуундар иштеп атканын орусиялык коопсуздук кызматы кыргызстандык кесиптештерине мурда эле эскертишкенин шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазып чыкты. Басылманын маалымдашына караганда, алдамчы фирма ушул жылдын 17-февралында Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Гезиттеги Эгамберды Кабуловдун макаласында кыргыз-өзбек чек ара көйгөйлөрү баяндалган. Автордун айтымында, Кыргызстан менен Өзбекстандын түбөлүк достугу миналар менен бекемделген. Андан азырынча кыргызстандыктар гана жапа чегишүүдө, коңшулар мина коюлган жерлерге белги коюша элек, картасын да көрсөтүшпөйт. Катуу кайтаруудагы чек арадан бензин ташыган машиналар менен акча берген адамдар тосколдуксуз өтө алышат. Ортодогу проблеманы акча чечүүдө.

Кыргызстанда иши жүрүшкөн ишкерлердин кыйласы жарыбаган салык төлөшөөрүн шейшембидеги «Агым» гезити ачыкка чыгарды. Бишкектин чок ортосундагы «Айчүрөк» соода үйү 2001-жылы 5 миллион, 2002-жылы 7 миллиондон ашуун салык төлөгөн. «Вечерний Бишкек» гезити «көлөкөдөгү жетекчилердин» колуна өткөнчө жылына 20 миллион сом салык төгүп турчу. Бишкектин Биринчи Май районунун акими Токон Шайлиеванын «Evrasia» соода, тамак-аш түйүнү өткөн жылы 53 миң сом салык төлөгөн. «Бийлик тилин кесалбай, башын кескен «Асаба» гезити жылына мамлекетке 3 миллион сом салык төлөчү»,- деп жазат Алым Токтомушев. «Агым» гезити өткөн жылы 540 миң сом салык төктү. Алым Токтомушевдин айтымында, салыкты аз төлөгөндөрдүн артында таасирдүү колдоочулару турат. Өкмөт болсо аларга каршы туруштун ордуна жаңы салыктарды ойлоп табуу менен алек. Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин баркы жоктугу, аны чиновниги баш болуп, карапайым адамдары төш болуп урматтабастыгы ушул эле гезиттеги Абдысултан Мамытбековдун макаласында баяндалган. Автордун пикиринде, президентикке талапкерлерди тил сынагына киргизүү А.Акаевдин атаандаштарынын жолун тосуудан башкага жарабайт.

Банкрот болгон банктардан салган акчасын алалбай жүрүшкөн карылардын арманы шейшембидеги «Республика» гезитинде жарыяланды. Басылмада парламент жакын арада таратылбастыгы, Ирактагы уруш аяктап бараткан чактагы Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу материалдарга да орун берилген.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн чоң мааракесин утурлап шейшембидеги «Эркин тоо» гезити Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун «Кумурадан чыккан куу баш же түркий тарыхына көз караш» маегин, «Кыргыз туусу» Мундузбек Тентимишовдун «Эр жүрөк кыргыз элчиси Эрен Улуг» макаласын, «Слово Кыргызстана» гезити Өскөнбай Осмоновдун «Манас» эпосунун тарыхый негиздерине арналган ой жүгүртүүсүн жарыя кылды.

Кыргыз адабиятынын кечээкиси менен бүгүнкүсү, көркөм сөздүн азыркы абалы, жазуучулардын жаңы чыгармалары шейшембидеги «Кыргызстан маданияты» гезитинде жарыяланды.
XS
SM
MD
LG