Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Афинада Европа Биримдигинин саммити ачылууда


Саммитте Чыгыш жана Борбордук Европанын он өлкөсү :Польша, Венгрия, Латвия, Литва ,Словения, Словакия,Кипр, Мальта ,Чехия жана Эстония, Европа Биримдигине кирүүнү караган келишимге кол коюшат.Алар уюмга расмий түрдө 2004-жылдын май айынан тарта кошулат. Саммитте согуштан кийинки Иракка тийиштүү маселер да талкууланат.Жыйындын ишине БУУнун башкатчысы Кофи Аннан катышмакчы.Ирактын келечеги , БУУнун согуштан кийинки Ирактагы орду жөнүндө британ премьери Тони Блэр менен немец канцлери Герхард Шрөдөрдүн кечээ кечинде Гановер шаарынынын аба майданында өткөн жолугушуусунда да сөз болду.
Ирактагы согушка каршы болгон немец канцлери аскерий операциянын жыйынтыктарын кубаттады. Герхард Шрөдөрдүн айтымында,Германия Иракты калыбына келтирүү жана өлкөнүн демократиялык өкмөтүн түзүү Улуттар Уюмунун көз алдында ишке ашышын каалайт.

XS
SM
MD
LG