Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

АФИНАДА ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН САММИТИ ӨТТҮ


Бүгүн Грекиянын ордо шаары Афинада өткөн бир күндүк саммит маалында он жаңы өлкөнү Биримдиктин мүчөлүгүнө кабыл алуу тууралуу келишимге кол коюлду. Бул салтанаттуу жыйын согушка каршы нааразылык билдирген топтордун демонстрациясынын жана күчөтүлгөн коопсуздук чараларынын шартында өттү.

Европа Биримдигине мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу келишимге кол койгон мүчөлүккө талапкер өлкөлөрдүн ичинен Кипр менен Мальтадан башкалары – мурдагы коммунисттик мамлекеттер, - атап айтсак, Польша, Мажарстан, Словения, Словакия, Литва, Эстония, Латвия жана Чехия, - бул Биримдикке кирүү аркылуу демократиялуу Европа коомчулугу менен жуурулушууга үмүткөр.

Афина шаарындагы салтанаттуу жөрөлгөгө Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан да катышты. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кофи Аннан Европадагы таасирдүү өлкөлөрдүн жетекчилерине кайрылып, согуштан кийинки Ирак маселесинде Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинин бир ынтымакка келип, кеңири масштабда иш алып баруусу үчүн аларды салым кошууга чакырды.

Ирак согушу Европа Биримдигинин 46 жылдык тарыхында өзгөчө учур болуп калмакчы. Анткени, дал ушул согуш маселеси Европа Биримдигинин мүчөлөрүнүн ортосуна олуттуу жик салып койо жаздады. Британия, Испания жана Италия америкалыктардын жетегиндеги согуш өнөктүгүн жактап чыкса, ал эми Франция, Германия жана Белгия бул согушка ачык эле каршы чыгышты.

Бирок Афинадагы саммит баштала электе эле, Европа Биримдигинде Ирак кырдаалына жаңыча мамиле кылуу аракеттери байкалды десек болот. Биримдиктин көптөгөн мүчөлөрү эми Ирак боюнча таасын пикирлерин билдиришип, согуштан кийинки Ирактын тагдырында чечүүчү роль Бириккен Улуттар уюмуна таандык болушу керек дешүүдө. Шейшембиде француз президенти Жак Ширак менен АКШ президенти Жорж Уокер Буш соңку эки айдын ичинде алгачкы жолу телефон аркылуу баарлашышты. Британ премьери Тони Блэрдин немис канцлери Герхард Шрөдер менен жолугушуусу да бул мамлекеттердин салкындай түшкөн мамилелерине бурулуш учур болуп калды.

Арийне, француз президенти үчүн Вашингтонго кайра жылуу маанайда жүз буруу оңойго турбаганын, азыр да Парижде АКШ өкмөтүнө суук кабак менен карагандар арбын экенин француздук иликтөө борбору – Стратегиялык изилдөө корунун өкүлү Бруно Тетрэ (Bruno Tertrais) баса белгилейт:

- Кошмо Штаттар тууралуу сөз кылганда, өзүңүзгө белгилүү, президент Ширак өтө эле оптимисттик маанайда болду. Февралда жана мартта ал мындай деп түкшүмөл кылган: арадан анча-мынча ай өтсө эле, мамилелерибиз кайрадан жакшырып калууга тийиш. Бирок бул оптимизм француз бийлик өкүлдөрүнүн бир тобуна, өзгөчө алганда, дипломаттык корпуска мүнөздүү эмес болчу”.

Тетрэнин оюнча, дал ошондуктан Парижде Ирактагы согуш бүткөн соң, Вашингтон менен мамиле кантип оңолушу мүмкүн деп сабыркагандар арбын эле.
Кандай болсо да, расмий Париж айрым маселелерде Вашингтондон айырмалуу көз караштары сакталып жатканын белгилөөдө. Париждин жаңы ишаарасына Вашингтон канчалык ийип кеткенин да алдын-ала айтуу кыйын.

Ал эми Европа Биримдигинин саммитинин натыйжасына кайрылсак, эми Биримдикке чакырылган он өлкө Афинада кол коюлган келишимди ратификациялоого тийиш. Мальта, Словения жана Мажарстан буга чейин эле референдум өткөрүп, алардын калктарынын басымдуу бөлүгү Биримдикке кирүүгө макулдугун берген. Эми башка өлкөлөрдө да референдумдар өткөрүлмөкчү. Эгерде бардык иш ойдогудай дурус кетсе, анда келээрки жылдын май айында Европа Биримдигинин калк саны дээрлик 75 миллионго көбөйүп, жалпысынан 450 миллион кишиге чамалап калат.

Афина саммити Ирактагы согушка каршы нааразылык иш-чараларды уюштургандар менен грек полициясынын айыгышкан тирешүүсүнүн кырдаалында өттү. Демонстранттар Италия, Франция жана Британиянын элчиликтеринин имараттарын көздөй жана өздөрүнүн жолун торогон тартип сактоо күчтөрүнө каршы күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытышты, полиция да жаш агызуучу газды пайдаланууга мажбур болду.

XS
SM
MD
LG